www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даниэл Ажиевдин апасы президент Садыр Жапаровго баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январдын башында кайрылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармакта президенттин телефонуна Ажиевдин апасынын видео кайрылуу жөнөткөнүнө күмөн санагандар болууда.

Буга байланыштуу Аскат Алагөзов аталган видеону баракчасына кошо тиркеди.

“Соцтармакта “Кантип эле президенттин жеке WhatsApp номерине кайрылсын” деген өңдүү күмөн саноолор болуп жаткандыктан төмөндө Ажиевдин апасынын видео кайрылуусун жана ал салган телефон номердин сүрөтүн жүктөйм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Даниэл Ажиев аттуу жаранга ырайым берилгенин билдирген. Ошондой эле Садыр Жапаров Ажиевдин апасы вотсап номерине түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылганын кошумчалаган.

Анда апасы келини 4 баласы менен кыйналып жатканын, бир баласы майып, жашоо-турмушу аябай оорлошконун айтып, баласына ырайым берүүнү суранган.

Последние новости