www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 15,8 млн сомдон ашык алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан алимент өндүрүү боюнча сот актысынын иш жүзүндө аткарылышы камсыздалды.

Аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор И.А.Б.га карата мыйзамда каралган мажбурлап аткаруу чаралары көрүлүп, анын эмгек акысынан алимент өндүрүү боюнча өндүрүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2022-жылдын 16-августунан бүгүнкү күнгө чейинки мезгил үчүн алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлдү.

Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15 843 380 (он беш миллион сегиз жүз кырк үч миң үч жүз сексен) сомду түздү.

Аталган акча каражаттары өндүрүп алуучу И.А.А.нын эсептик эсебине толук көлөмдө которулду.

Көрүлгөн чаралар жашы жете элек баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге сот чечимдеринин сөзсүз аткарылышы принциптерин дагы бир жолу тастыктады.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөмдөрүн өндүрүү жана алардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча иштерди мындан ары да туруктуу негизде улантат.

Последние новости