www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкɵн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан уланууда. Учурда бир тараптуу каттам бар.
Ошондой эле аба ырайынын ɵзгɵрүшүнɵн улам Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 103-чакырымына дагы тоодон чоң кɵлɵмдɵгү таштар кулады. Жеринде техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдɵ.