www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу рамазан айында оор мезгилде жөлөк таяк болгон Кыргыз элиме жана Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеково терең ыраазычылыгын билдирип, Алай районунун тургуну Шарипбек Аширов биздин редакциябызга кайрылды.
“Кудайга шүгүрлөр болсун, узак убакыттан бери оору менен алпурушуп келген Терек айылынын тургуну, 16-жаштагы тургуну Шарип кызы Элзаттын операциясы, Бишкектеги травматология жана ортопедиялык борборунда белгилүү академик Сабырбек Жумабековдун жеке катышуусунда ийгиликтүү өттү. Баасы кымбатка турган операциянын жасалышына жардам көргөзгөн Алай элине, Терек айылынын жалпы тургундарына, Ош, Бишкек жана Москва шаарында эмгектенген Терек айылынын уул-кыздарына үй-бүлөөбүздүн атыбыздан ыраазычылык билдиремин. Кеменгер, Айкөл Алай эли ар дайым аман болуңуздар!”, - деген пикирин билдирди.
Ага кошумча, саясатчы Ахматбек Келдибековго: "Өзгөчө ыраазычылыкты жакындан көрсөткөн материалдык жана эбегейсиз моралдык жардамы үчүн Алай элинин ардактуу уулу, биздин сыймыгыбыз Ахматбек агабызга жалпы айыл элинин атынан жана үй-бүлөөбүздүн атыбыздан терең ыраазчылык билдиребиз. Бар болуңуз ага! Ишиңизди дайыма ийгилик коштоп, ыйык Рамазан айында көрсөткөн колдооңузга Кудай миң эселеп соопторду жазып, кармаган Орозоңуз кабыл болсун!, - деген тилегин айтты, Алай районунун тургуну Шарипбек Аширов.
Булак: NazarNews.kg