www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан улуттук атом мекемеси Казатомпром Бразилия мамлекеттик атомдук энергия фирмасы Indústrias Nucleares do Brasil INBге уран өткөрө баштады.
Казатомпромдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта фирманын дүйнөлүк атомдук күйүүчү май базарында уран өткөрүү аймагын кеңейткендиги белгиленди.
Казатомпромдун INBге уран өткөрүү тендерин жеңип алгандыгын жана ушул алкакта келишимдин түзүлгөндүгү эске салынган маалыматта : «Түзүлгөн келишимдин негизинде биринчи уран өткөрүлдү. Келишим атом энергиясынын тынчтык максатында колдонулушунда Казакстан менен Бразилиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жактан маанилүү»,- деп билдирилди.
Атомдук күйүүчү май өндүргөн INBнин иштери Эл аралык атом энергиясы мекемеси тарабынан текшерилүүдө.
Түштүк Казакстан, Кызыл Ордо жана Акмола аймактарындагы 20 уран кудугунан жылда 20 миң тоннадан ашуун уран өндүргөн Казакстан бул тармакта дүйнөдө лидер болду.
Казакстан Кытай, АКШ, Түштүк Корея, Япония, Индия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө уран экспорттоп жатат.
Булак: "trt.net.tr"