www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейин оңдоодо бери дегенде 13 миллион доллар уурдалган деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев көчмө жыйын учурунда билдирди. Анын айтмында, депутаттар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы жана Башкы прокуратурага тапшырма берип, алар бир айдын ичинде жыйынтык чыгармай болушту. "Өзүңүздөр көрдүңүздөр, бул жерде коррупция бар экенинен шек жок. Түркиялык компания ичин 14 миллион долларга баалап, бекер бүтүрөбүз деген. Сыртын 4 миллион доллар, ичин 10 миллион доллар менен бүтүрүшмөк. Сыртын бүтүргөндөн кийин ичин жасатпай туруп биздин аткаминерлер келишимди жокко чыгарышат. Анан өзүбүздүн акчага курабыз деп 23 миллион доллар жумшашкан. Эми караңыздар, болжолдуу сумма менен алганда эле 13 миллион доллар уурдалганы көрүнүп турбайбы?!" — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигин имаратынын алдында жайгашкан Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахмановдун бюсттарынын ар бири 4500 долларга эле жасалганын айтып, музейдеги аттардын статуясы 14 миң евродон алынганына таң калды. "Ал ат эмес эле эшекке окшоп турат. Аны кыргыздарга берсе деле жасап коймок. Музейдин кызматкерлери "мунун кереги жок болчу, буга окшош өзүбүздүн муляж аттарыбыз бар эле" деп жатышат", — деди депутат. Ошондой эле ал түркиялык компания музейди 2016-жылы толугу менен бүткөрүп бермей болгонун кошумчалады.

Тарых музейин оңдоп-түзөөнүн башында Сапар Исаков турган. Муну жакында маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде да тастыктаган. Демек, бери дегенде 13 млн. доллар акчаны Сапардан сураш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости