www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттордун кадамдары ар кандай…
Кайсыл саясатта жүргөн адам соттолбосун дайыма куугунтуктап жатышат деген учуртмасын айтып келишет. Тилинен жаңылгандар деле, кыймылынан кармалгандар деле актануунун ушундай жолуна түшүп алышты. Бирок, айрымдарынын кылган иштери күдүктөнүүнү жаратаарын деле айта кетели. Ошолордун баары эле таптаза болсо кылмыштык беренелер асмандан эле түшүп келеби? Айтор, учурда соттордун үстүнө жайдак минип алып айдактамага өтүп алдык.
Эки күн мурун Аида Салянованын иши каралып, мурдагы “сыпаттамасы” ордунда калтырылды. Сыртта күтүп тургандардын үстүнө муздак суу бүркүп жибергендей  чурулдашты го? Чамасы алар гүл берип тосуп алабыз деп кыялданышса керек. Бирок, Аидага каршы мурда соттолгондордун жоон тобу турарын булар неге эсепке алышкан эмес.
Ташиев, Келдибеков, Түлеев, Аманбаева, Мамытовдор жөн туруп бермек беле? Соттор деле кимдердин карааны канчалык дымактуу экенин баамдап турарын эмнеге танмак элек? Ошондуктан Отунбаеванын ажого кайрылганы кагаздардын “бүктөмүндө” кала берди саргайып. Демек, башкалардын деле соттук иштери бүдөмүктөнүп турганын коомчулук байкоого алып турат, же башкачабы...
Булак: Ачык сөз

Последние новости