www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда чатырда жашагандардын көйгөйү

Алай районунда жамгыр улам нөшөрлөп төгүп, соңку күндөрдө кадимки карга айланды. Мунун кесепетинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылында тынбай эле жер көчкү жүрүп, жергиликтүү калктын өмүрүнө чындап коркунуч туудуруп жаткан маалы. - Айласы таптакыр куругунда Гүлчө айыл өкмөтү өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жыйырма чатыр тигип, бизди ошолорго убактылуу көчүрүп жайгаштырышты, – деп тызылдады Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылынын тургуну Насыр МУРЗАБЕКОВ. – Ошентишсе деле биз дагыле чатырларда кооптонуп жашап жатабыз.

Анткени, көрдүңөр го, айылыбыз чекесинен эзилип, анан бара-бара жылып, улам көчүп баратат. Кыргыз Өкмөтү токтоосуз түрдө коопсуз аймактан жер тилкелерин ажыратып, анан үй салганга ссуда ажыратпаса, акыбалыбыз чындап эле чатак. Эгерде жогорку бийликтегилер маселебизди ыкчам жайгарса, Таш-Короодо бир күн дагы жашабастан көчүп кетет элек. - Түнү уйкубуз, а күнү тынчыбыз бузулду, - деп ыйлактады Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылынын тургуну Гүлбара ТЕМИРБАЕВА. – Мына, лакыйтып дагы кар жаап таштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиккен чатырларынын ичи өлгүдөй суук. Анын ичинде жашаганга киши эмес, ит деле чыдабайт. Жаз баш бакты. Эртең элен кылычын көтөрүп кыш келет. Күн жылыгыча коопсуз аймактарга эптеп көчүп, турак жай салып алсак, мындан баарыбыз утмакпыз, Таш-Короо айылынын башчысы жана Гүлчө айыл Өкмөтү буту-бутуна тийбей, биздин таламыбызды талашып жүгүрүп жүрүшөт. Тилекке каршы, булардын үнүн уккан чоңдор жок! - Таш-Короо айылындагы 192 үйдө 282 кожолук тыгылып жашап жатышат. 1994-жылы өзгөчө кырдаалдар министрлгинин корутундусуна ылайык айрым үй-бүлөлөргө курулуш материалдары үчүн 24 миң сомдон ссуда таратылып, Жаңы-Алай айылына көчүрүлгөн.

А биз ошондо калып кеттик, - дейт Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш- Короо айылынын башчысы Максутали ТОЙМАМАТОВ. – Андан бери калкыбыздын саны дагы көбөйдү. /й- бүлөлөрдүн катары улам калыңдап баратат. Бирок, таш-короолуктар үй куруу үчүн жер тилкесине дагыле зарбыз, эй! Ушул тапта көйгөйлөрдөн дагыле куру эместигин Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек БОЛБУР уулу дагы дароо моюндады. - Таш-Короолуктардын көбүн Кара-Суу районуна канатташ Жаңы-Алай айыл өкмөтүн түптөп, ошол жакка 1994-жылы эле көчүргөнбүз. Тилекке каршы, ата-энелери жаңы конушка уулдарын гана жайланыштырып, а өздөрү дагыле Таш-Короодо кудайлап жашап жатышат, – деп тызылдады Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек БОЛБУР уулу. – Булардын арасында түшүндүрүү жараянын ыраса күчөттүк.

Тилекке каршы, дагыле көгөрүп көчпөй жатышат. Менимче, Таш-Короодо жашагандарга Президент, же Өкмөт башчысы өзү барып жолугуп, булардын азыркы шартын дагы бир ирет кылдат жана калыс караштырып, арыз-муңун жеринде тыңдап, анан гана токтоосуз көчүрүшү абзел! Муну үчүн буерде жансактап жатышкан ар бир үй-бүлөгө өзүнчө жер тилкелери, анан турак жай курууга ссуда маселелерин дагы кечеңдетпестен чечкен оң! Анткени, бир үйдө үч-төрт үй-бүлө жансакташса, булардын бир үй-бүлөсү гана 1994-жылы үй куруу максатында курулуш материалдары үчүн ссуда алышкан. Калгандары ошол бойдон Таш- Короодо эле калып кетишкен.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости