www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк ырчы айымдардын көпчүлүгү өзүлөрүнүн сексуалдуу дене түзүлүшүн бир калыпта сактоо үчүн фитнес залга сөзсүз баш багуу керек деп кеңеш беришет. Бирок, ал кеңештер көпчүлүк үчүн жардамын тийгизбейт. Себеби, бардык эле айымдардын фитнес залга баш багуусуна мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе.

Ал эми биз бүгүн сөз кыла турган ханайым Кейт Мидлтон өзү машыккан спорттун түрлөрүн бардык айымдарга сунуштайт. Ал йога, чоң теннис, сууда сүзүү, сейилдөө, тоо спорту, чуркоо, парус спорту менен көп убакыттан бери машыгат.

Мүмкүнчүлүгү боло калганда гана бул спорттун түрлөрү менен машыккан Кейттин дене мүчөсү абдан келишимдүү деп айтсак эч жаңылбайбыз жана сиздер үчүн төмөндөгү сүрөт баянды сунуштайбыз!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости