www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда көмүр кенин казууга жергиликтүү тургундар каршы чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири кабарлады.

Анын айтымына караганда,  Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышкан. Тургундар кен иштетилсе, арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат.

Мындан тышкары, кен казыла турчу аймак аталган айылдын жайлоосу экенин, тургундар жаздан баштап жайытка чыгаарын айтып каршылыктарын билдиришкен.

Эске салсак, Тайгак-Таш аймагындагы 119,93 гектар аянтты ээлеген көмүр кенин «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому изилдеп жатат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кенди изилдөөгө үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат берген. «Бикипинг» 2019-жылдын 13-июнунда кайра каттоодон өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости