www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кордайдагы азыркы кырдаал айтылды

Жамбыл облусунун Кордай районунда бардык мектептер жана бала бакчалар иштеп баштады. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыгышты.

Алардын айтымында чыр чыккан Масанчи, Аухатты, Сортобе айылдарында 9 мектеп бар.  Алардын 8и иштеп баштады. Бир мектепте гана  оперативдик штаб бар болгондуктан, окуучуларды башка мектепке которушкан.

Бала бакчалардын 7си иштеп, ага 1 350 балдар барууда.

Кордай районуна гуманитардык жардамдарды-тамак-аш, гигиеналык, кир жуучу каражаттар жана дары-дармектер жеткирилип берилген.

Маалыматка караганда 5 тонна ун, 3 тонна күрүч, бир нече тонна шекер ж. б. товарлар таратылган.

Казакстандын ИИМинин айтымында тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында полиция кызматы күнү-түнү иштеп жатат. Алар автотранспорттордун кыймыл-аракетин тыкыр көзөмөлдөп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшеришүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-февралда Масанчи айылында каза болгондорду көмүү зыйнаты башталды. Тартип бузгандардан үйүн жалгыз  коргоп каза болгон 6 баланын атасы 47 жаштагы Рамзан Харсаровдун сөөгү акыркы сапарга узатылды. Ал эми Сортобе айылында казак тили жана информатика мугалими-Малик Ясаровдун тажыясы болуп өткөн.

Полиция баш-аламандыкты уюштургандар жана чакыргандар жазасыз калбашына ишентиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости