www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун мурдагы акими коррупцияга шектелип кармалды, деп билдирди УКМК.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, 2023-жылдын 10-майында Аламүдүн райондук жер амнистиясы боюнча комиссиясы Достук айыл аймагынын №1352, №1254 контурларындагы турак үйлөрдү амнистия берүүгө ылайык келет деп тааныган. Ушуга байланыштуу май-август айларында бир катар жарандарга карата токтомдор чыгарылган. Бирок бул учурда мыйзам бузулган.

Бул факт коррупция беренеси боюнча катталып, 3 жаран кармалды. Алар:

- О.Т., 2023-жылы комиссияны жетектеген;

- Н.К., ошол мезгилде аким болуп иштеген;

- H.C.

3-мартта шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Последние новости