www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы жаңалдын таасири Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизет. Аймактык эксперттер Ирандагы кырдаал региондун коопсуздугуна, экономикасына жана тышкы соода байланыштарына жаңы тобокелдиктерди жаратарын белгилешүүдө. Мурда негизги коркунуч катары Ооганстандагы терроризм, маңзат ташуу жана радикализм аталса, эми бул тизмеге Иран фактору да кошулду.

Саясат талдоочулардын айтымында, дүйнө акырындап көп уюлдуу системага өтүп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган эл аралык тартип алсырап бара жатат. Мындай шартта чакан жана өнүгүп жаткан мамлекеттер үчүн негизги коргонуу фактору күчтүү экономика, туруктуу коом жана натыйжалуу башкаруу системасы болмокчу. Ирандагы окуялар реформаларды кечеңдетүү жана жабык башкаруу моделдери узак мөөнөттүү кризиске алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүп турганын адистер белгилешет.

Экономикалык жактан алганда, Ирандагы туруксуздук Борбор Азиянын транзиттик жана соода байланыштарына түздөн-түз таасирин тийгизет. Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берген түштүк транспорт коридорлорунун иштеши үзгүлтүккө учураса, аймактагы өлкөлөр кайрадан Орусия менен Кытайга көбүрөөк көз каранды болот. Ошондой эле мунайдын кымбатташы инфляциянын өсүшүнө жана логистикалык чыгымдардын жогорулашына алып келет.

Ошол эле учурда айрым эксперттер бул кырдаал белгилүү мүмкүнчүлүктөрдү да ачышы мүмкүн деп эсептешет. Перс булуңундагы деңиз жолдору чектелсе, кургактагы транзиттик маршруттарга суроо-талап өсүп, Борбор Азия аркылуу жүк ташуу көбөйүп, бул жагдай региондун транзиттик потенциалын жогорулатышы ыктымал.

Коопсуздук жагынан дагы жаңы коркунучтар айтылууда. Эгер Ирандагы саясий кризис тереңдеп кетсе, мыйзамсыз миграциянын көбөйүшү, радикал топтордун активдешүүсү жана регионго качкындардын агымы күчөшү мүмкүн. Айрыкча Тажикстан менен Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугунда тообкелдиктер жаралышы мүмкүн болгон кооптуулук бар.

Мындан тышкары, Ирандын алсырашы Борбор Азиядагы геосаясий тең салмактуулукка да таасир этет. Буга чейин Иран аймак үчүн Орусия, Кытай жана Батыштын ортосундагы альтернативалуу өнөктөш катары каралып келген. Анын ролунун төмөндөшү регионду ири державалардын атаандаштыгына көбүрөөк тартуу коркунучун күчөтөт.

Кыскасы, эксперттер Иран айланасындагы кризис Борбор Азия үчүн бир эле учурда экономикалык, саясий жана коопсуздук сыноолорун жаратышы мүмкүн экенин белгилешет. Мындай шартта аймак өлкөлөрү ички туруктуулукту бекемдеп, экономикасын диверсификациялап, коопсуздук жаатындагы кызматташууну күчөтүүгө муктаж. Болбосо глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн эпкини регионго олуттуу таасир тийгизиши ыктымал.

Алмаз Темирбек

Последние новости