www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук жерлерде милиция кызматкерлери эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, күнү-түнү иш алып барышууда. Мындан тышкары, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундарга өз ден-соолуктарына кам көрүүгө, ар бир адам өзүнө жана башкаларга коркунуч келтирбөөчү эрежелер камтылган баракчаларды таркатышууда. Ал баракчаларда жугуштуу илдетти алдын-алуу эрежелери жөнүндө толук маалымат берилген. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн инфекциядан коргоо үчүн жасалуучу чаралар жазылган. Райондогу санитардык-карантиндик посттордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Айдоочулар көчөлөрдө көп жүргөндүктөн алар менен түшүндүрүү иштери улантылууда. Унаа айдагандар үчүн коомдук жайларда жана көчөлөрдө жүйөлүү себепсиз жүрүүдөн жана жеке унааларда саякаттоодон убактылуу баш тартуу сунушталып алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда айдоочулардын көпчүлүгү илдетти алдын алуучу эрежелерди сакташып, антисептикалык каражаттарды дайыма алып жүргөндөрү алдын алуу иштери өз натыйжасын берип жаткандыгынан кабар берет.

Ар бир жарандын учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен жасаган мамилеси инфекциянын жайылышына жол бербөөгө салым болууда.

Чүй облусунун ИИББы бардык жарандарды бүгүнкү кырдаалдан чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп, сунушталган эрежелерди так сактоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости