www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мавритания эпидемияны жеңгенин жарыялаган биринчи өлкө болду. Акыркы күндөрү Африкада бул оору катталган жок. Белгиленгендей, дарыгерлер акыркы текшерүүлөрдө коронавирус менен ооругандарды аныктаган эмес. Дарыланып жаткан адамдардын бардыгы оорудан айыгып кетишет. Ошол эле учурда, Мавритания коронавирустун жеңишин жарыялаган биринчи өлкө болду. Жалпысынан өлкөдө 17 адам коронавируска чалдыккан. Алардын бири көз жумган, 16 жаран сакайып кеткен.

Маалыматка ылайык, бул жеңишке бийлик тарабынан катуу карантин чараларын тез арада кабыл алуу себеп болгон. Өлкөдө биринчи окуя 13-мартта аныкталды. Андан кийин дароо чек аралар жабылып, чогулуштарга тыюу салынган, мектептер, ресторандар жана базарлар жабылган. Өкмөт түн ичинде коменданттык саат киргизип, жол кыймылына тыюу салды. Бирок, өкмөт мындай кырдаалда сак болуу керектигин баса белгиледи. Ал калкка гигиена эрежелерин такай сактоого үндөдү.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Африкадагы Экономикалык Комиссиясынын (UNECA) баяндамасында, “Африкада COVID-19 тарап кетсе, 1,3 миллиард кишинин 1,2 миллиарды коронавирусту жуктурушу мүмкүн. Болжол менен 3,3 миллион адам каза табат”, деп жарыя кылган эле. Бактыга жараша жалпы 17 жаран гана коронавирус илдети менен ооруп, бир адам каза тапкан. Ошентип, Африка БУУнун алдын-ала жыйынтыгын четке кагып, “уят” кылды.

Эске сала кетсек, Мавритания - Африканын түндүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Батыш Сахара, түндүк-чыгышынан Алжир, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Мали, түштүгүнөн Сенегал менен чектешип, батышынан Атлантика океаны менен чулганат (жээк сызыгынын узундугу 754 км). Аянты 1025,5 миң км2. Калкы 3,3 млн.

Мавритания – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Ал жогорку башкы командачы. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент. Жогорку палатасы – Сенат, төмөнкү палатасы – Улуттук Ассамблея. Аткаруу бийлигин президент башында турган өкмөт ишке ашырат. Башкаруучу саясий партия­лары: Демократиялык күчтөрдүн союзу, Прогрессивдүү күчтөрдүн союзу, Кайра жаралуу жана демократия үчүн республикалык партиясы, Улуттук прогрессивдик альянс ж. б.

Табияты, Атлантика океанынын жээгин деңиз боюндагы аккумуляциялык ойдуң ээлеп, ага жакын кумдуу тайыз жерлер, аралдар орун алган. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Батыш Сахаранын аккумуляциялык-денудациялык түздүктөрү ээлейт. Батыш бөлүгүндө жапыз (200 м бийиктикке чейин) катмарланган түздүк жайгашкан. Өлкөнүн борбордук бөлүгү аркылуу түндүктөн түштүктү карай дөңсөөлүү түздүктөрдүн жана платолордун (500–800 м) тилкеси (Етти түздүгү, Адрар жана Тагант супа платолору) созулуп жатат. Алардын үстүнкү бети таштак чөлдүү келип, тегерегиндеги түздүктөргө тик урчуктар менен барып кошулат. Мавританиянын чыгыш бөлүгүн кумдуу чөлдөр, түштүк бөлүгүн Сенегал дарыясынын аккумуляциялык аллювий түздүгү ээлейт. М Мавритания ын эң маанилүү кен байлыгы – темир кен ташы; Ошондой эле жез, алтын, шельфте – нефть, нефть-газ, өлкөнүн батыш бөлүгүндө цемент гипси, фосфорит, таш туз, күкүрт кендери бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө тропиктик чөл климаты өкүм сүрөт.

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости