www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Федералдык медициналык изилдөө агенттигинин коронавируска карата өткөзүлүүчү Кытайдан алынып келген тесттери жараксыз болуп чыкты.  Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы айда Индия Кытайга жарым миллиондон ашуун тестке буйрутма берген. Бирок, алар көбүнчө такталбаган жыйынтыктарды көрсөткөн. Буга чейин сыноо үчүн алынган тесттерде баары жайында болчу.

Жараксыз тесттер жөнүндө маалымат Индиянын бир нече аймактарынан келген. Аталган тесттер Guangzhou Wondfo Biotech жана Zhuhai Livzon Diagnostics компанияларынын продукциялары болуп чыккан. Алардын тесттерин колдонбоо сунушталды.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча, Индияда COVID-19 инфекциясынын 28 миңден ашуун учурлары катталган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости