www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштөгү шал болуу же албарсты басканда...
Сиз түн бир оокумда ойгонуп, таптакыр кыймылдай албаган абалга кабылдыңыз беле? Бөлмө караңгы, а бирок үйдө бирөө жүргөндөй сезилип, үстүңүздөн бирөө басып алган оордукту көтөрө албай жаткан болосуз. Коркосуз, сүйлөйүн десеңиз тилиңиз буулуп калгандай а кээде сүйлөмө турсун кыйкырып аткандай болосуз бирок ал кыйкырык сыртка чыкпайт. Кулагыңызга бир нерселер угулуп, көзүңүзгө көрүнүп кыскасы таңкалычтуу дүйнөгө кабылгандай болосуз…
Бул нерсени башкада болуп жатканын уккан же көргөн андан да коркунучтуу. Себеби ал адам ар кандай үндөрдү чыгарып жүрөктү түшүрөт. Бул адамдын мээсиндеги таңкалычтуу феномон-түштөгү шал болуу-дешет экен окумуштуулар.
Адамдын түшүндөгү шал болуунун кызыктуу фактылары:
Кыргыздарда…
Түштөгү шал болууну –“албарсты басты” –деп коюшат. Түнкүсүн адамды басат, жакын адамың болуп кубулуп, азытып кете алат деген түшүнүк бар. Албарсты көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыздарда узун сары чачтуу, мурду менен тырмактары узун, эки эмчеги салаңдаган, көздөрү күйүп туруучу аял кейпинде деп сүрөттөлөт. Эмчектери чоң болгондуктан, аны эки ийинине артып коёт. Албарстынын күчү чачында. Эгерде албарсты жолугуп калып, адам эбин келтирип чачынан кесип алса, анда албарсты адамга өзүнүн дубасын үйрөтөт. Жана ал адамдын укум-тукумуна таптакыр жолобойтдеп айтып коюшат кыргыздар.
Парапсихологияда….
Парапсихолог Лариса Асанбекова “албарсты эмнеге басат?” деген сурообузга мындай жооп берди: Дүйнө көп катмардан турат. Ар бир катмардын өзүнүн жашоочулары, энерго жандыктары бар. Биздин дүйнө көзгө көрүнгөн материалдык дүйнө. Көзгө көрүнбөгөн да сырт дүйнөлөр бар. Канчалык катмар төмөн болсо, энергия да терс болот. Адамдын ички жан-дүйнөсү терс боло баштаганда паралелль дүйнөнүн терс энерго жандыктарын тарта баштайт. Албарсты ошол төмөнкү катмардын энерго жандыгы. Терс энергия оор болот. Ошон үчүн кыргыздар “салмактанып калыптырмын”, “жүк басып жатат”, “жаным жер тартып турат” –деп бекер айтпайт. Албарсты да адамдын үстүн басып, оорлотот. Ал мындайча айтканда адамга “тазалан” –деп белги берет. Ошондуктан адам өзүн таза алып, кечиримдүү болуп, жаман ойлордон алыс болсо албарсты жолобойт. Кыргызда сөз бар: “Оюу тазанын бою таза”, “ичинде эмне болсо сыртына ошол чыгат”-деген. Дегеле, адам дайыма эсине тутуп аны аткара турган жети мыйзам бар. Ошол жети мыйзамды бузбай жашаса, тагдыры, ден-соолугу, байлыгы ж.б. баардыгы жакшы болот.
Булак: "jebe.media"