www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев Кытай менен мынчалык тыгыз жана узак мөөнөттүү кызматташуунун пландарын ачык жарыялоо кыргыз коомчулугунда колдоо таба албастыгын, албетте, түшүнүп турган. Ошондуктан, ал ЛЭП “Датка-Кеминди”баштоодо“Кыргызстандын“энергетикалык көз карандысыздыгы” тууралуу версияны ойлоп тапкан.
Курулушту баштоого арналган өз сөзүндө, “Международное радио Китая” үзүндү келтиргендей, ал мындай деген: “Электр өткөргүч “Датка-Кемин” линиясын жана Кемин көмөкчү станциясын куруу –бул Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын түзүүнүн башталышы болуп эсептелет.
Бул долбоор керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жакшыртат, электр энергиясын чек койбой пайдалануу мүмкүндүгүн арттырат, биздин ички энергетикалык шакекчебизди түзүп, жаңы гидроэлектростанциялардагы кубаттуулуктарды берүүнү камсыз кылат. Энергетикалык көз карандысыздык – бул көз карандысыз, экономикалык жактан күчтүү Кыргызстанга жетишүүгө болгон алгачкы кадам болуп эсептелет. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө ыраазылык билдиргим келет, бул улуу кытай элинин бир туугандык колдоосу экендигин биз эстен чыгарбашыбыз керек. “Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы” тууралуу бул тезис кийин да бир нече ирет кайталанып, дээрлик Атамбаевдик башкаруунун жыйынтыктары чыгарыла баштаган мезгилге чейин айтылып келди. Бул ЛЭП курулган соң республика Өзбекстанга ГЭС каскаддарынан Бишкекке жана өлкөнүн түндүк аймагына электр транзит кылганы үчүн акы төлөбөй калат, валюта үнөмдөлөт, коңшу мамлекеттин көзүн карабай калат деп, башка дагы ушул сыяктуу нерселерге басым жасалып келген.
Кыргызстандын “энергетикалык көз карандысыздыкка” жеткен жайдары картинасын бир гана КР улуттук статистикалык комитети бузуп жатпайбы. Анын маалыматтары боюнча, Атамбаевдин башкаруусу учурунда кырдаал теңирден тескери болуп өнүгүп, – Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жоготкон. Республика Атамбаевдин башкаруусунун соңку жылдарында электроэнергиянын нетто импорттоочусу болуп калган.
2011-жылы – Атамбаев бийликке келген кезде, республика электроэнергияны өзү керектегенден көбүрөөк өндүрүп тургандыктан, бул ага электроэнергиясын экспорттоого мүмкүндүк берип турган.
Бирок, 2015-жылда эле, Атамбаевдин айтымында, ЛЭП “Датка-Кеминди” куруу аркылуу республика “энергетикалык көз карандысыздыкка” жеткен кезде, Кыргызстан электроэнергияны өзү керектегенге караганда азыраак өндүрүп калгандыктан, ал аны импорттой баштаганга мажбур болгон. Муну Кыргызстандын 2011-2015-жылдардагы электроэнергетикалык балансы көрсөтүп турат:
Бул таблицадан көрүнүп тургандай, Атамбаев республиканы электроэнергияны нетто-экспорттоочу катары кабыл алган, анын үстүнө, экспорт жетишерлик чоң көлөмдө – 2,8 млрд кВт-с өлчөмүндө болгон. 2015-жылы эле Кыргызстан импорттон көз карандысыз болуп калганда ага 564 млн кВт-с энергия жетпей калган.
Жада калса расмий статистика деле абдан кейиштүүдөй көрүнүүдө. Анан дагы, статистикалык маалыматтар энергетиктердин билдирүүлөрүнө дал келбей калганын да көрсөтүү керек.
Мисалы, 2014-жылы Улуттук статистикалык комитет импортту 286,2 млн кВт-с деп көрсөтсө, КР энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ошол эле 2014-жылы 334 млн кВтс болгонун билдирген.
Андан ары, 2015-жылкы стат маалыматтарда импорт 745,8 млн кВтс өлчөмүндө көрсөтүлсө, жылуулук-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча Мамагенттиктин диеректору Таалайбек Нурбашевдин жана КР Жогорку Кеңешинин ТЭК жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымдарында, 2015-жылы импорт 1,119 млрд кВт-саатты түзгөн15. Эгерде бул чын болсо, импорттун бул көлөмү электроэнергияны өндүрүүнүн 8,4%ын түзгөн.
Энергетикалык көз карандысыздык жөнүндөгү түшүнүктүн өзү эле республика зарыл болгон энергиянын бардык түрлөрү менен, анын ичинде, албетте, биринчи иретте электроэнергия менен өзүн өзү камсыз кыла аларлыгын билдирип турат. Чынын айтканда, көп жылдар бою, Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин башкаруусунан бери эле Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына шек келтирүү эч кимдин оюна да келчү эмес. Республика дайыма электр энергиясынын ири өлчөмдөгү экспортчусу катары каралып келген да, CASA-1000 сыяктуу ири эл аралык долбоорлорго катышууга жөндөмдүү мамлекет катары эсептелген. Гидроэнергетикалык ресурстар жана көмүр запастары (2013-жылга карата такталган көмүр запастары 1,3 млрд тонна болчу) Кыргызстандын келечегин кыйла эле жаркын сымал көрсөтүп турчу.
Республика жалгыз гана жаңы электр станцияларын, биринчи иретте көп каражат салууну талап кылган ГЭСтерди курууга келгенде гана инвестициялардын жетишсиздигин сезе турган. Бирок, бул жерде деле Кыргызстан бир топ оңтойлуу абалда болчу, себеби, көп өлкөлөр жана көптөгөн компаниялар кыргыз энергетикасына кызыгыша турган.
Атамбаев чынында эле өзүнүн энергетикалык саясатында албан чоң жыйынтыкка жетишти, бир гана жаман жери – ал жыйынтык тескери болуп калды.
– Кыргызстан анын тушунда электр энергиясын импорттоочуга айланып, башкача айтканда, өз энергетикалык көз карандысыздыгын жоготту. Албетте, кыргыз расмий басма сөзүндө жана да расмий медиа-саясаттын алкагындагы массалык-маалымат каражаттарында импорттоо зарылдыгы бирде катаал кыш мезгилдери менен, бирде Токтогул ГЭСин оңдоо зарылдыгы менен, бирде суу сактагычтарда суу запастарын көбөйтүү зарылдыгы менен түшүндүрүлүп келген.
Арийне, чыныгы себептер башкача болуп келген. Биринчиден, электроэнергияны керектөө көбөйгөн, 2011-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 2,4 млрдга өскөн.
Экинчиден, ошол эле учурда өндүрүү дагы 2,1 млрд кВт саатка азайган. Бул 323 МВт кубаттуулукка дал келет (орточо эсеп менен алганда, жылдык саат иштетүү эсеби боюнча 6300 саат).
Кубаттуулуктун азаюу себептери, жалпысынан алган- да, ачык эле көрүнүп турат жана да ал жөнүндө Атамбаев бийликке келгенге чейин эле жакшы маалым болчу, – электростанциялардын жабдыктарынын абдан эскиргендиги аварияларга алып келмек. Токтогул ГЭСинде бир нече авариялык кырдаалдар орун алган. Мисалы, 2009- жылы № 2-гидроагрегаттагы башкаруучу аппараттагы кемтиктерге байланыштуу, эки гидроагрегатты өчүрүүгө туура келген16.
2010-жылы станциянын машиналык залынан суу ага баштагандыктан, ГЭС аварияны болтурбоо үчүн, аргасыздан сууну кайтарымсыз агызууга мажбур болгон. 2011-жылдын жайында эле эксперт Расул Умбеталиев Токтогул ГЭСинин жабдыктарынын абдан эскирип кеткендигин, анын ичинде, кабелдери капысынан иштен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскерткен болчу.
2012-жылдын декабрында №-4 гидроагрегат токтотулган, ошонун натыйжасында 300 МВт кубаттулукка чектөө киргизилген. Ошентип, Атамбаевдин башкаруусунун алдында эле Кыргызстандагы электроэнергиянын 40%ын берген Токтогул ГЭСи эң соңку дем-күчү менен иштеп жатканы жана ал капиталдык оңдоого муктаждыгы ачык көрүнүп турган.
Эгерде республиканын энергетикалык көзкарандысыздыгы тууралуу айта турган болсок, анда Атамбаев кытайлык кызыкчылыктарды канааттандыруу үчүн жана өзүн пиар кылуу үчүн ЛЭП “Датка-Кеминди” курууну баштабастан туруп, адегенде өлкөдөгү эң башкы ГЭСти капиталдык ремонттон өткөрүшү керек болчу. Ремонт комплекстүү түрдө болуп, гидроагрегаттардан баштап, бардык жабдыктарды алмаштыруу менен коштолушу керек болчу. Бул татаал милдет эле, ал бир гана чоң финансылык ресурстарды талап кылбастан, Кыргызстанды “караңгылык жылдарына” тушуктурбас үчүн, дыкаттык менен пландоону да талап кылмак. Бул мамлекеттик маанидеги милдет болгондуктан, Атамбаев аны эң эле приоритеттүү милдеттеринин бири катарында карап, алектениши керек болчу.
Мунун ордуна, жыртык-тешиктерди жамап, айрым түйүндөрдү алмаштыруу башталды. Мисалы, Т-2 блоктук трансформаторунун обмоткасы (кабелдик курчоосу) алмаштырылды. Ремонт ийгиликсиз болгондуктан трансформатор жарылып кеткен. Алар толугу менен жаңы жана модернизациялангандарына алмаштырууга муктаж болсо да, гидроагрегаттар ар бири өз өзүнчө ремонттолгон эле, алардын жумушчу дөңгөлөктөрүндө соо жерлери калбай, толугу менен жамалып-жаскалып, ширетилген эле. Базарбай Мамбетов Атамбаевге Россиянын президенти Владимир Путинден Токтогул жана Үч-Кор- гон ГЭСтери үчүн жаңы гидроагрегаттарын Россияга заказ кылуу үчүн максаттуу кредит суроону сунуш кылган, бирок, мындай чечим кабыл алынган эмес. Акыры аягында, 2015-жылдын 23-жана 28-декабрларында кабелдерден май ага баштаган, мунун айынан бир агрегат токтоп калып, дагы үчөө өчүрүлгөн. ГЭСтин кубаттуулугу 600 МВтга чейин түшкөн жана да 235 МВт кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Жаңы жылга карата энергия берүү кайра калыбына келтирилип, бирок, 2016-жылдын январында эле кайрадан өчүрүүлөр башталган. В.А.Тонконогов – ошол кабелдик линияларды монтаждоодо катышып, кийин да бир нече ирет аларды оңдоого катышкан таанымал адис-энергетик, – айтканына караганда, мындай тез оңдоп коюу электростанциянын жетекчилиги али 1990-жылы эле алдын ала кабелдердин запасын жана аларды орой турган материалдардын, кабелдик майлардын запасын камдап алгандыгынан улам гана мүмкүн болгон. СССР таркагандан кийин ошолордун баарын чыгарган ишканалар да жабылып калган. Ошол запастарсыз, Тонконоговдун пикири боюнча, Токтогул ГЭСи өзүнүн кубаттуулугунун 25% бере албай калмак. Бул көп айларга, а балким, бир нече жылдарга созулган катуу энергетикалык кризиске алып келмек.
Ушундан кийин дагы беш жыл өткөндөн кийин гана, акыры аягында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча программа башталып, ага Азиялык өнүгүү банкы жана Евразиялык өнүгүү банкы 450 млн доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредиттерди беришкен. Кайра эле бул баягы жыртык-тешиктерди бүтөө болуп калды, башкача айтканда, иштен чыккан кабелдер менен трансформаторлорду алмаштыруу менен чектелди.
Кабелдерди алмаштыруу 2017-жылдын жазында башталып, ага чейин 2016-жылдын декабрында эскилиги жеткен кабелдин ай-ынан № 2-чи гидроагрегатта дагы бир авария орун алды. Соңку билдирүүлөргө караганда, кабелдерди жаңы, полимердүү кабелдерге алмаштыруу аягына чыкса да, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо 2023-жылга чейин улана бермекчи.
Токтогул ГЭСинин эпопеясы Кыргызстанда жалпыга белгилүү болуп, анын бардык перипетиялары басма сөздө чагылдырылып турду. Асыресе, башка бир айрым үзүл-кесил маалыматтар боюнча, ушундай эле проблемалар башка электростанцияларда, жана электр берүүчү жана бөлүп берүүчү түйүндөрдө дагы орун алган. Алардын баарында тең абдан эскилиги жетип бүткөн жабдыктарды тез арада жамап-жаскоого туура келген, андай чуулгандуу ишмердиктин издери басма сөздө калган. Мисалы, 2013-жылы Кыргызстанга чукул аралык жардам берүү программасынын алкагында, Дүйнөлүк банк аркылуу россиялык ишканалар бул республикага Токтогул ГЭСи, Бишкек жана ОШ ЖЭБдери үчүн 83 жогорку вольттогу кабелдик тетиктерди алып келгендиги белгилүү. Кыргызстанда 2012-жылдан баштап электр энергиясын иштеп чыгаруу азая баштагандыгын бул негизинен түшүндүрүп турат.
Толук маалыматтар жок болгондуктан улам, бул энергетикалык муктаждыктарга канча каражат кеткендигин айтуу кыйын. 2015-жылдын башындагы абалга карата айтканда, берилген кредиттердин жана гранттардын суммасы 1241 млн долларга жеткен. Эгерде буга дагы Ток- тогул ГЭСин калыбына келтирүү муктаждыктары үчүн алынган 450 млн долларды кошо турган болсок, бул сум- ма 1691 млн долларга чейин көбөйөт. Бул республика үчүн абдан чоң сумма, салыштыруу үчүн айта турган болсок, мамлекеттик мүлктүн баасы 2016-жылдын башында 609 млн долларды түзгөн. Биздин оюбузча, бул маалы- маттар толук жана так эмес, бирок аларды азыр тактоого мүмкүнчүлүк жок. Бул каражаттардын кыргыз энергетикалык проблемаларын түп-тамырынан чече албагандыгын гана белгилеп кетмекчибиз.
Мындан эки маанилүү жыйынтык чыгат. Биринчиден, Атамбаевдин ЛЭП “Датка-Кеминди” куруу жөнүндөгү чечими кытай кызыкчылыктарына гана багытталбастан, дегеле, орой стратегиялык жаңылыштык болгон. Мурда премьер-министр да, президент да болгон Атамбаев Кыргызстандын энергетикасы канчалык жаман техникалык абалда экендигин жана аларды капиталдык ремонт кылуу менен реконструкциялоо канчалык кымбатка түшөрүн билбей коймок эмес. Ал республикадагы эң ири ГЭСтин эң соңку дем-күчүн жумшап, такай жасалып жаткан ремонттордун эсебинен гана иштеп жаткандыгын билбей коймок эмес. Бирок, ал Токтогул ГЭСин минималдуу болсо да, тартипке келтирүүгө толук жете турган сумманы ЛЭПти курууга жумшап, муну “энергетикалык көз карандысыздыктын” жетишкендиги катары жарыялады. Бул жаңылыштыктын баасы Кыргызстанга келечекте дагы кымбатка түшөт.
Кыргыз басма сөзүндө Атамбаев энергетика боюнча “туура эмес” эксперттерди уккандыгы жөнүндөгү ой бир нече ирет айтылган. Арийне, ал энергетика боюнча эч кандай эксперттерди такыр укпагандай эле таасир калат, жада калса республика үчүн абдан маанилүү болгон сектордун проблемаларын туура түшүнүүгө да аракет кылбагандай. Республикалык электроэнергетика боюнча, эң эле үстүртөн деңгээлде болсо да, предметтик анализ жасоо аракети Токтогул ГЭСин капиталдык реконструкциялоо чечимине алып келмек.
Экинчиден, иш жүзүндө Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыгынан ажырады, электроэнергиянын нетто-импортчусу болуп калды, башкача айтканда, Казакстандан жана Тажикстандан алууга көз каранды болуп калды. Жана дагы ушунчалык кредиттерди алуу менен бирге, республика финансылык көз карандысыздыгынан да ажырады, анткени, алсыз мамлекеттик бюджет үчүн бул чоң сумманы төлөө абдан кыйын маселеге айланат. Кредиттерге байланышкан суроолор күтүүсүздөн эле кабыргасынан коюлуп калышы да мүмкүн, себеби, кредиторлор карызды кайтаруу боюнча катуу кысымдарды көрсөтүшү ыктымал, анткени, Россиядан айырмаланып, Кытай да, ал тургай эл аралык банктар да Кыргызстандын карыздарын кечип коюу жөнүндө ойлоп да коюшпайт.
Арийне, Атамбаевди бул анча деле кабатырланткан эмес, себеби, карызды Жээнбековго, же андан кийин президент болгон кишиге төлөшкө туура келет. Дагы бир маселе, Кыргызстан өзүнүн энергетикалык маселелерин такыр чече албагандыктан улам, дагы жаңы карыздарды алуу талап кылынары да шек туудурбайт. Кредиторлор ансыз да карыз жүгү олчоюп баскан республикага карыз берүүдөн толук баш тартышы да мүмкүн. Ири энергетикалык авария, маселен, Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттарын катардан толук чыгып калышы аларды кайра калыбына келтирүү үчүн кредит алууга мүмкүн болбогондуктан, Кыргызстанды абдан күчтүү, курч жана узакка созулган энергетикалык кризиске тушуктурат.
Мындай шарттарда Кыргызстандын “энергетикалык көз карандысыздыгынын” жетишкендиги жөнүндө ай- туу толук жана абсолюттук абсурд болуп калат.
"Атамбаевдин Кыргызстанга тийгизген көлөкөсү" китебинен үзундү
(уландысы бар)
Булак: NazarNews.kg