www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош базары өрттөлдү. Жабыр тарткандар көз жашын төктү. Албек Ибраимов: “Ош базары” башка жака көчүрүлөт”, деп балп этти. Карагашалуу окуя башынан чыкпаган Албек Ибаримов качан мыйзам алдында жооп берет? Бетин табактай кылып олтура береби? Албек Ибраимовдун ишенгени ким?

“Ош базары” үчүн Албек Ибраимов, Кемерованын мэри Аман Түлеевге окшоп, элден тизелеп, "ыйлап" качан кечирим сурайт? Өткөн жылы Да СУУ менен элдин көзүн чекчейтип, адамдар уктап жаткан жеринен адамдар тиги дүйнөгө кете берсе, бул жылы ТЭЦ менен элдин жинин кашайтты. Качан кечирим сурады?

"Аттиштен 600 доллар пайда тапса, мен эмнеге көчөттөн пайда таппаймын дегениби", айтор шаарды көрктөндүрүү үчүн Бишкек мэриясы бир көчөттү 9 миң сомго сатып алышкан.

Мына сага. Дарактардын алты түрү: четин, каштан, чынар терек, липа, зараң, декаративдик алма багы. Дарактар 4 850 сомдон 9 090 сомго чейин.

Кыргызтанда аталган көчөттөр, “элитный” жерлерде 500 сомдон, 1 500 сомго чейин сатылат.

Мына кыргыздын жеп-жутарлары. Сооронбай Жээнбековдун жанында азыр анча-мынча акчага тойбогон, дүйнөнү “оптом” жуткусу келген ачкөздөр бар. Ошолорду президент четтен терип-терип туруп аттып салса жакшы болот беле!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости