www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууган тайкеси каза болду. Анын акыркы сапарга узатуусуна Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө.

Бирок, интернет колдонуучулар анын кайтып келишинен тынчсызданып жатышат. Белгилүү блоггер Акбалык Жумалиева мындай деп жазган.

"Өмүрбек Бабановдун тайкеси каза болуптур. Арты кайырылуу, жайы жаннатта болсун! Жакындарына сабыр тилейбиз. "Келип топурак салып кет" деп азгырып түрмөгө каматкысы келген күчтөр бар экен деген кептер айтылууда. Саясат үчүн башка бир адамдын азаттыгын курмандыкка чалып, өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашыргысы келип жаткандарга курмандык болуп калуудан абайласа жакшы болот. Азыр, эптеп ызы чуу, тополоң чыгаргысы келгенге эки көзү төрт болуп жаткан ою бузуктар бар! Үнү жеткендер, азырынча келбей туруңуз деп кеңеш берсеңер жакшы болмок",-дейт ал.

Интернет желелеринде Жумалиеванын жазган постун колдоп, чын эле келбей турганы оң деп жазып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости