www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылы Жалал-Абад областынын айыл чарбасында рентабелдүү эгиндерди эгүү, көп түшүм алуу менен фермерлерди кирешесин арттыруу максатында 154 миң 300 гектар жерди иштетүү пландаштырылды. Бардык дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн эгин аянты 64 миң 300 гектарды, анын ичинен буудай аянты 18 миң 500 гектарды, арпа аянты 6500 гектарды, дандык жүгөрү аянты 33 миң 900 гектарды, чанактуу дан эгиндеринин аянты 800 гектарды, ьашка дан өсүмдүктөрүнүн аянты 5700 гектарды түзүүсү күтүлүүдө.

Андан тышкары, пахтанын аянты 12 миң 700 гектарды, тамекинин аянты 100 гектарды, май өсүмдүктөрүнүн аянты 13 миң 100 гектарды, картошканын аянты 9400 гектарды, жашылчаныкы 11 миң 500 гектар, бакча өсүмдүктөрүнүн аянты 3800 гектар, жалпы тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 39 миң 300 гектар болору пландаштырылган.

Азыркы тапта бардык айыл чарбалуу аймактарда жазгы иштер башталып, эгинге жерди даярдоо, күйүүчү жана майлоочу, техникалык каражаттарды камдоо, кароодон өткөрүү иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийликтер фермелерге насыя каражаттарын берүү, зарыл каражаттарды камсыздоо жагынан иш алып барышууда.  

Быйылкы жылдын 1-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-6” программасын алкагында Айыл Банк аркылуу областтын айыл чарба өндүрүүчү 224 субъектилерине жалпы суммасы 93 миллион 870 миӊ сом жеӊилдетилген насыялар берилген. Ал талаачылык жана мал чапрбасына -10 пайыздан, кайра иштетүү тармагына -6 пайыздан берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости