www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албек байке көп тердейби?

Бишкек шаардык мэриясы 81даана кондиционер сатып алуу үчүн 9 миллион сом жумшаары тууралуу маалымат желдей тарады. Мэриянын айтымына Караганда жаңы 81 кондици­онер кышкысын ысытып, жайында муздата турган укмуш кондиционерлер экен. Эски 81 кондиционер болсо “эталонго” кетет окшойт. Эгер 9 миллион сомду 81ге беле турган болсок, мэрия бир кондиционерди орто эсеп менен 111 миң 111 сомдон сатып алат.

Ал эми ордо калаабыздагы кондиционер саткан эң кымбат дүкөндөрдө кышы-жайы иштей турган эң кымбат кондиционер 77 миң сом турат. Бул боюнча тендер 6-июнда өтөт. Айтты койду дебегиле, 77 миңдик эмес 15 миңдик кондиционер койсо деле “111 миңдик” деп айтышаарына бөркүңөрдөй ишене бергиле. Ананда “казынаны сарамжалдуу пайдаланалы” дегендерине күйөсүңөр.

Булак: "Айгай"

Последние новости