www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт үйүн кене басып кеткенби?

Чиновник дегендерибиз биягынан айтса, тиягынан эптемейлерин токтотпос болду го. Эптеп эле бир иш таап мамлекеттик казынага беш манжасын матырганга маш, каалаган жерден кулак чыгарып, казынаны каңтарганды адат кылып. Эми өкмөт үйүндөгүлөр өздөрүндөгү эмеректерди химиялык тазалоодон еөткөрүү үчүн 363 миң 200 сом бөлүшүптүр.

Эртеден кечке баткакта иштеп жатышкансып отурган отургучтарын тазалоого атайын дагы мамлекеттин бюджетинен акча коротуп. Айтмакчы “210 стул,11 булгаары жумшак отургуч, 160 жумшак отургуч жана 2 миң 862 чарчы метр килем ар кандай так издерди, жаныбарлардын жүндөрүнөн жана башка кирлерди тазалоо үчүн” деп жазылыптыр. Кокуйдуку, өкмөт үйүнүн ичинде жаныбарлар да кирип кеткенден сообу? Болбосо аларды кайсы жаныбарлардын жүндөрү жүдөтүп жатты болду экен?

Булак: "Айгай"

< Предыдущий

Последние новости