www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол министри жол таппай атат

Интернет айдыңында “С.Жээнбеков өтөт экен деп жол оңдоочулардын суунун үстүнө кара май төгүп, асфальттап жаткан” видеону көрбөгөн киши калган жок болуш керек. Ошол видео өкмөт акеге жетип, жыйынтыгында Сооронбай Шарипович үстөлүн муштап , ага тиешелүү кызматкерлердин баарын иштен алчусун алып, министрдин өзүнө сөгүш берген.

Ушундан улам Транспорт жана жол коммуника­ция министри Жамшитбек Калилов тиешелүү 5 кызматкерди ишинен алды дешкен. Бирок, Жамшит­бек мырза өкмөт башчыга “ляппай” демиш болуп, кайра эле өз билгенин кылып жатканын ошол эле министирликтегилер бизге кабарлады. “Кетсин” де­ген 5 кызматкердин экөөсү эле кетип үчөө эч нерсе болбогондой эле иштеп жатыптыр.

Бул боюнча биз аталган министирликке суроо узатканыбызда муну министрлик да ырастады. Көрсө, кетпей калганынын башкы себеби алардай адистердин жоктугунда экен. Ой, тобоо! Таппасаң сыйпалап кал. Капырай, Кыргызстанда дал ушул жол, архитектура бо­юнча бакыйган окуу жайлардан канчалаган адистер бутуп жатат. Эгер Жамшит мырза дасыккан адис таппай жатса бизге байланышсынчы, “сууга асфальт токпеген”, министрди сөкпөгөн, баарын көзөмөлдөгөн, мыкты иштеген жаш жаңы адистер­ди алдына катары менен тизип берели.

Булак: "Айгай"

Последние новости