www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоругу жолдо калгыр Жогорку Кеңештин ичинде эмнелер гана болуп өтпөйт. Мушташкандан тартып, “сен кыйын, мен кыйынга чейин” болушу кадимки көрүнүшкө айланып бараткандай. Дегенибиз, Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча комитеттин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев менен Аскарбек Шадиев кер-мур айтышып, жыйынтыгында К.Иманалиев жыйындар залынан чыгып кетти. Эки эл өкүлүнүн талашы жыйынга УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин доклад окууга Коррупцияга карты күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басарын жибергендиги себеп болгон.
Каныбек Капашовичтин айтымында: “Эртең кароолчусун жөнөтсө деле докладын угуп отура бермек белек, комитетти сыйлаш керек болчу, ЖКга керек учурда УКМК башчысы эмес, Өкмөт башчысы деле өзү келип жатпайбы. Болуптур, бошобосо орун басарын жөнөтсүн да?” деп ачууланган. Ал эми Аскарбек Шадиев К.Иманалиевсиз эле өткөрө беребиз дегенчилик кылып, жыйынды улантты.
Булак: "Айгай"