www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ош базарын шаардын чечине көчүрүү долбоору иштелип чыкты». Бул тууралуу бүгүн, Бишкектин жолдорун оңдоо иштери боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда мэр Албек Ибраимов билдирди.

«Ош базары соода түйүндөрүнө толгон. Мындай соода жайлары айланма жолдун жанында жайгашышы керек», -деди Ибраимов. Бул тууралуу говори тв жазып чыкты.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, буга чейин Ош базарына чоң супермаркет салынат деген сөз мындан 4 жыл мурун тараган. Бир эмес үч жолу өрттөнгөн, Ош базарына салына турган супермаркеттин ээси чыдап турсак, “серейип” өзү эле чыгат.

Бүгүн, 13-апрелде Ош базардагы «Берекет» соода борборундагы чыккан өрт кокустук болбогонун жабырлануучулар көз жашын төгүп айтышууда. Баса, Албек Ибраимовдун “Ош базары көчүрөлөт” деп, ыкчам билдирүү бергенине караганда, чындап супер маркет салына тургандыгы жана "өрттүн ары жагында бир Кожо тургандыгы" билинип эле калды окшойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости