www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арыгын чапкан интернет-сайттардын бирине «Кыргызстан экинчи Афганистанга айланабы? Же Түрк лидери неге «түмүрөйдү»?» деген темада макала жарыяланды (ү, ө, ң тамгаларын оңдоп койдук). Автордун акыл-көрөңгөсү менен кат-сабаттуулугунун деңгээли 2-класстын окуучусуна да жетпей турганы башында эле айтып коелу. Аргасыздан, Атамбаевдин күнү ушундай «макалачыга» түшүп калса, анда асманы түшүп калгандай абалда экен дегиң келет.

Ал макаласында автор президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга жасаган сапарын, анда Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандын (автор түрк лидеринин да аты-жөнүн тыңдап жаза албайт экен, алтургай Кыргызстан деген сөздү да туура жаза албай турганын көрдүк) Түркияда төңкөрүш жасоого аракеттенген деп шектелген Феткуллах Гүлендин да кыймылы тууралуу сөз козгогонун, анын кесепети Кыргызстанга да тийип калышы мүмкүн экенин айтканын мисалга тартат. Бирок, буга КР президенти С. Жээнбеков эч кандай пикир айтпаганын да кошумчалайт.

Бирок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси И. Жунусовдун» «чындыгында бул түрк элине жакшылык кылбаган «феточулар» кыргыз элине да жакшылык кылбайт. Булар алардан өч алууну эмес, «ошол окуялар кайталанбасын, силерде да болбосун» деп жатышат. Биз аны туура кабыл алышыбыз керек» - деп айтканын мисалга тартуу менен, «Муну президенттин «добросу» жок элчи айта албайт болчу» деп сындайт. Анан дагы ушуну менен Түркия президенти Кыргызстандын ички ишине кийлигишип атат деген ойду айткысы келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков эч качан башка өлкөнүн Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Ал «Сапат» (мурунку «Себат») билим берүү мекемелери жабылат деп да айткан жок. Андыктан чымындан пил жасап убара болуунун кажети жок. Анан дагы эң башкысы бул жерде Афганистан тууралуу сөз козгоого таптакыр эле негиз жок болчу. Муну макаланын автору темасына алып чыгып алганы дагы анын акыл чөйчөгүнүн кемтигинен кабар берет. Атамбаевдин “кеңешчиси” Алмаз Үсөнов менен анын Таластагы досунун болгон-толгон деңгээли ушул болсо, мурдагы ажо тумандуу жолго түшүп алганын божомолдой бергиле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости