www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыска убакыт аралыгында эле Ош базарынын аймагында үч ирет өрт кырсыгы болуп кетти. Андан карапайым соодагерлер миллиондогон сом зыяндарды тартышты. Биринин артынан бири кайталанган өрт кокустук эмес экендиги да билине баштагансыды.

Үчүнчү ирет Ош базарынын аймагында өрт кырсыгы катталгандан кийин Бишкек мэри Албек Ибраимов Ош базарды шаардын сырт жагына көчүрүү планы бар экенин да маалымат булактарынын бирине билдирип алды. «Иттин өлүгү» кайда көмүлгөнүн да мына ушул жерден биле берсек болот. Ош базарын көчүрүү үчүн атайылап эле өрт кырсыгы жасалып атабы деген суроону кабыргасынан кое турган учур келди.

Экинчиден, мына ушул өрт кырсыктары дайыма экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасында олуттуу көйгөйлөр жасалган учурда катталууда. Биринчи өрт – кыштын ызгаардуу суугунда Бишкек ТЭЦи иштен чыгып калып, шаар тургундары суукка тоңуп турган маалда болду.

Экинчи өрт – Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынан коррупцияга каршы күрөш боюнча катуу талапты койгон учурдан бир айдан кийин болду. Ал эми үчүнчүсү Атамбаевдин кадрларынын бир бөлүгү кызматтарынан айдалгандан кийин жана өкмөт отчетун тапшыра турган жана отставкага кетиши мүмкүн болуп турган учурда болуп атат.

Мына ушул кырдаалдарды карап туруп, Ош базарындагы өрт кырсыктары менен АШАнын командасындагы көйгөйлөрдүн байланышы бар экендигин аңдоого ашыкча акылдын деле кереги жок болуп турат. Бул аракеттер коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу жана эптеп мамлекет ичинде хаос жаратуу экенин элибиз да түшүнө баштады...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости