www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Толгонай, скрипка жана пианодо канча жылдан бери ойнойсуз?

- 7 жашымдан тарта Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык окуу жайдын скрипка жана фортепиано бөлүмүндө билим алдым. Быйыл бул аспаптарда кол ойнотконума он жылдан ашты.

- Буга чейин топто ырдап жүрдүң эле. Өз алдынча ырдап чыгууңа эмне түрткү болду?

- Үч жыл мурда шоу-бизнеске аралаша баштаганда топто өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Алар менен бирге иштеп көп нерсени үйрөнүп, жыйынтыгында топтон кеткенге мажбур болдум.

- Азыр топтогу кыздар менен мамилең кандай?

- Алар мени жакшы эле түшүнүштү. Бири-бирибизге кеңештерди айтып колдоп турабыз.

- “Браво 2” тасмасына кантип тартылып калдың?

- Бул тасмага мени режиссёр чакырып калды. Сценарий менен таанышкан соң макулдугумду бердим.

- Карьерабы же үй-бүлөбү?

- Экөөнү тең алып кеткенге аракет кылам. Бирок, кичине кезимден бери үй-бүлө тууралуу көп кыялданчумун. Үй-бүлөнү тандайм го...

- Кесипкөй музыкант болуш үчүн эмне керек?

- Музыкалык билим, таланты болушу керек. Өзүн ар дайым сынап конкурстарга катышуу зарыл.

- Экстремалдуу спорттун түрүнө мамилең кандай?

- Кичине кезимден селкинчектен кулап түшкөндөн бери сейилдөөчү бакчаларга барганда эч нерсе менен алек болбойм. Жан дүйнөмдө коркунуч бар. Бирок, акыркы учурда парашютта секирүү жагып жатат.

- Сага кандай мырзалар жагат?

- Адамгерчиликтүү, ыймандуу, чечкиндүү мырзалар жагат.

- Социаодык баракчаңдагы негативдүү комментарийлерди окуйсуңбу?

- Башында окуп, ар бирине маани берчүмүн. Алардын жазгандарына капа болуп, таарынып баракчаларына кирип аларды кара тизмеге салчумун. Азыр болсо алардын бирине да маани бербей калдым. Себеби, жазган адамдар болбой эле жаза беришет экен.

- Эмнени кайра жасагандан тажабайсың?

- Идиш аяк жууганды абдан жакшы көрөм. Үйдөгүлөр да конок келгенде Толгонай өзү эле жасайт деп калышат. Бирок, ырдагандан эч тажабайм.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости