www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин оппозициядагы фракциялары премьер-министр Сапар Исаков өзү келбегени үчүн өкмөттүн 2017-жылга карата баяндамасын угуудан баш тартышты. "Ата Мекен", "Республика - Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары жыйынга өкмөт башчы өзү келиши керек экенин айтышты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

13-апрелде депутаттарга баяндама жасаганы вице-премьер-министр Даир Кенекеев келди. Башында жыйынга Сапар Исаков да катышары кабарланган эле. Өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, премьер-министр Чүйдүн Москва районуна жумушчу сапар менен кеткендиктен, парламентке Кенекеев барган.

Планга ылайык, өкмөттүн отчетун түштөн кийин "Кыргызстан" фракциясы да угушу керек.

11-апрелде КСДП фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапкан.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости