www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова кайра прокурор болуп келсин деп кээ бирөөлөр жазып жатат. Алардын башына суук тийдиби же күн өтүп кеттиби эч түшүнбөйсүң! Аида Салянова өтө коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаевди чыгарганга аралашкан.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнист Карыбеков,Талант Мамытов, Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу эр азаматтарды Атамбаевге чөгөлөтүп берген. Мырзакматовго анын убагында кылмыш козголгон, жалган жалаа менен. Иса Өмүркулов сыяктуу ууруларга көз жумуп койгон. Иса Өмүркуловдун баласы жана Ирина Карамушкина унаалары менен киши тебелеп, өлтүрүп кетсе дагы көз жумуп койгон. Бир өңчөй Атамбаевди сындагандарды камап, Атамбаевдин режимин күчөтүп берген так ушул Аида Салянова эмес беле?

Бир тууганы, күйөөсү кылмыш кылып, коррупциялык иштерге аралашкан. Өзү кылмышкерге лицензия берген. Ушул күнөөлөрү үчүн желкеден сүйрөп барып эле камап салыш керек болчу. Аны, жаш кызы бар деп камабай койду. Түрмөдө канча аял отурат? Жаш баласы менен чогуу, керек болсо кош бойлуу барып төрөп. Эмне, орой айтканда Салянованыкы алардан акпы? Ушул овчарка көп саясатчыларды сындырбаганда, Атамбаев мынчалык чартаңбай теппейт эле. Өмүрбек Текебаевди дагы ооруканага текшертип кетишти. Рысалиев айткандай, Текебаев сот тарабынан күнөөлү деп табылган кылмышкер. Ал башка кылмышкер катары укуктарга ээ болушу керек. Азыр, канча карапайым адам ак жеринен камалып, түрмөдө өлүп калып жатат. Эмне үчүн аларга дагы Батукаевдей, Текебаевдей камкордук көрүлбөйт?

Мына, Салянованы мактагандар. Карганбек Самаков деген кыргызга күйгөн жигитти да Атамбаевге чөгөлөтүп берди. Бүгүнкү күнгө чейин сотто жүрөт, сүйрөлүп. Ошо Самаков кылгандын бир кымындайын Салянова кылдыбы? Жок, туугандар. Эстеп көргүлөчү, Салянова бийликте турганда кантип көпкөнүн? Адам тургай Кудайды тааныбай калган болчу. Ага, караганда Индира Жолдубаева Атамбаевге курал болгон жок. Башы көрүнгөн саясатчыларды камаган жок. Салянова канча адамдын каргышына, убалына калды. Адилеттүү сот келсе муну түз эле түрмөдө чиритиш керек, деп жазат Компрамат кж.

Чындыгында жасалма кылмыштуулуктун жолун ачып, "буюртма" менен кылмыш козгогон Аида Салянова, “атаканы” биринчи агалары Нариман Түлеев, кыргыздын мыкты жигити Карганбек Самаковдон баштаган. Колунан жакшылык келбеген айымды Алмазбек Атамбаев байкадыбы, айтор саясаттан изин кырып салды. Чын эле Аида айымдын мерездигине таң каласың, жок дегенде агаларына тийшипей койсо болмок. Эми кайтар дүйнө көрүп жатса керек. Бул көрүнүштү тагдырдын тамашасы деп коет...Таш койсоң ташыңды, кыш койсоң кышыңды аласың...Бир чети Атамбаев азамат экен дегиң келет...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости