www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңеши Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөрттү.

Бирок, Бишкек шаарынын көчө аттарын алмаштырууга мароторий бар болгондуктан жыйын алдында ызы-чуу орун алды. Көпчүлүк депутаттар мароторийди бузууга каршы экенин билдирген соң мэр Албек Ибраимов КСДП, Кыргызстан, Мекеним Кыргызстан, Республика, Өнүгүү фракцияларынын депутаттарын бирден кабинетине чакырып, «энеңди с»-деп, бизнесиңди да өзүңдү да жок кылам деп коркутууга алды. Албектин сөгүүсүн угуп чыккандан кийин депутаттар тез арада, талкуусуз чечим кабыл алышып, шашылыш чыгып кетишти. Көчөнүн атын алмаштыруу жыйыны 2 минутага гана созулду. Бир да журналист киргизилген жок.

Мэр Албек Ибраимов ызырынып сөгүнүп калганына караганда Атамбаевден 7-апрель кылып өзгөртпөсөң өлөсүң деген сөз уккан окшобойбу.

«Энеңди с» деп сөгүп, өлтүрүп салам деп жатса шаардык кеңештин бир да депутаты кыңк деген жок. Албек Канат, Куванычбек сыяктуу депутаттарды чакырып сөккөн жок. Аларды сөксө чоң чыр чыкмак.

Мен бул катты жазууга мажбур болдум. Себеби, эл билиш керек, кантип 7-апрель көчөсү пайда болгонун.

Маалымат кечээ анонимдүү делген Телеграф сайты аркылуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Ал эми бул маалыматтын канчалык чындыгы бар деген суроо туулат. Андыктан экинчи тараптын бул маалымат тууралуу жообун чагылдырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости