www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйыны ушу тапта Ак үйдө жабык өтүп жатат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жыйынга президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да катышууда.

Фракция лидери Иса Өмүркулов депутаттарга бул жыйынга сөзсүз катышуу жөнүндө тапшырма бергени айтылды.

Күн тартиби тууралуу маалымат журналисттерге берилген жок.

Буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, мамлекет башчынын иниси, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырган.

КСДП партиясынын жыйыны 31-мартта болору, анда Алмазбек Атамбаевди партия төрагасы кылып бекитүү маселеси карала тургандыгы айтылууда.

Эске салсак, Фарид Ниязов 7-мартта өз арызынын негизинде президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости