www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын шаарындагы Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жай калкты тейлөө борборун, жарандык абалдын актыларын жана жеке эсебин каттоо менен жарандарды паспорттоштуруу бөлүмдөрүн камтыйт. Учурда анда жыйырма жети кызматкер эмгектенет.

Калкты тейлөө борборунан чыгып бара жатып, Төрага Дастанбек Жумабеков үч небересин ээрчиткен жергиликтүү тургундар ЭрнисОрозбаев менен Нурайым Кадыровага жолукту. Эгиздер Ибрагим менен Ибрахимге жана алардын иниси Исмаилге узун өмүр тилеген Жогорку КеңешТөрагасы балдар менен сүрөткө түшүп, аларга таттуу алуу үчүн 5000 сом карматты. Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев балдарга 100 доллар берип, аларга жакшы тилегин арнады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы менен жолугушуусук үтүүсү зболгону нбилдирген ЭрнисОрозбаев уул-келини Бишкекте иштеп жүрүшкөнүн, булардан башка дагы бир кичинекей баласы бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Төраганын иш сапарын коштогондордун катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Алмазбек Акматов жана тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости