www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кызматта иштеп туруп, оңбогондой байлык топтоп алуунун сырын үйрөнгүңүз келсе, анда түз эле Албек Ибраимовго кайрылсаңыз туура болчудай экен.
Эмнеге дейсизби?
Себеби, бул экс-чиновниктин өзүнө эле катталган обьектилердин саны 39га жетсе, аялы Айнура Ибраимовага катталган обьектилердин саны 147ни чапчыйт экен. Таң калып турасызбы? Мамлекеттик үлкөн чиновниктин ушунча кыймылсыз мүлкү бар экенин уксаңыз, анан албетте таң каласыз да.
Эгерде Кытайда ушундай факты ачыкталса, анда ал чиновник эбак эле «бейишке» же «тозокко» «путевка» алып кетмек. Биздин колго тийген документтерге таянсак, Албек мырзанын өзүнө эле Аламүдүн районуна карашатуу Арашан айылынан 10 гектардан турган 34 жер тилкеси катталган экен.
Элестете бериңиз, дээрлик айылдын басымдуу бөлүгүн жалгыз ээлеп алган болуп атабы? Андан тышкары ошол эле Арашан айылында гаражы, курулуп бүтөлек турак-жай обьектиси, коммерциялык мастерскоюу, айыл чарба багытындагы сарайы жана бир даана толук курулуп бүткөн турак-үйү бар.
Ал эми Албек мырзанын өмүрлүк жары Айнура Ибраимовага Арашан айылындагы катталган обьектилердин саны – 147. Анын 10у айыл чарба фермасы болуп саналат. 42си айыл чарба багытындагы кайра жер тилкелери. 47си айыл чарба багытындагы сугат жер, 46сы чөп чаба турган жерлер.
Эгерде булардын ар бирин өзүнчө даректери, номурлары боюнча тизмектей турган болсок, узу-ун тизме болот. Андыктан мына ушундайча жалпы санын жана алардын кандай багыттагы обьектилер экенин конкреттештирип коомчулукка жеткирип коюну эп көрдүк.
Кыргызстанда, өзгөчө борбор калаабызда 4 соток жер тилкесине жетпей, «кичинекей эле жерим болсо, ошого эки эле бөлмө үй салып алсам бактылуу болот элем» деп жүргөн мекендештерибиз арбын. Ал эми жалгыз Албек мырза бир айылды толугу менен басып алганы калыптыр. Ушунча байлыкты мамлекеттик кызматта иштеп туруп, мандай тер менен табууга болобу? Албетте, болбойт. Анда ал байлыктар кайдан табылган? Эми мына ушуну тиешелүү органдар иликтөөгө алышат деген ишенимдебиз.
Булак: NazarNews.kg