www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү тележурналист, "Ала-Тоо 24" маалымат программасынын тескөөчүсү Каныкей Жунусова, учурдагы кырдаалга карата өзүнүн пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 

Төмөндө толугу менен:

КУРУ НАМЫСКА ДАЛДАЛЧЫ БОЛБОЙЛУЧУ!

Карапайым эл, алыс барбайын журналисттер, мугалимдер, дарыгерлер бир там салган жер тилкесине жете албай жүрсөк, таңдан кечке тытынып иштеп алган айлыгыбыз 10 миң сом болсо, анан гектарлаган жерди атасынан мураска калгансып ээлеп алгандарды, Сиздин, биздин чөнтөгүбүздү кагып, бакадай чардап жашаган чиновниктерди "жоопко тарталы, алганын кайтаралы", десе эмнеге "далдалчы" болуп чыга калабыз? Үйдө олтуруп алып, "коррупционерлерден кантип кутулабыз", - деп зар какшайбыз. Ошол коррупционерлерди коргогондор өздөрү коррупционер! Же 500-1000 сомдун кулу!", -деген пикирин жазган белгилүү тележурналист Каныкей Жунусова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости