www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алты жыл такта отурам деп, тегерек-четиндеги жансакчы, пол жуугуч, таразачы, шоопур сыяктуу жалаң Кудай урган шылуундарды майлуу-сүттүү кызматтарга коюп, мамлекеттин байлыгын талап-тоногон, карапайым элдин башына камчы ойноткон экс-президент А.Атамбаевдин акыркы кадры, Бишкектин мурдагы мэри А.Ибраимов да темир тордун ары жагына отургузулду.

Бирок мурда кылмыш иши козголуп, УКМКга чакырылгандыгына жана шаардык кеңештин депутаттары ишеним көргөзбөй, өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынгандыгына карабастан, ал тоодо качып жүргөн эле. Анан жөн жүрбөй, “Бул мага карата саясый куугунтук, жакында көп чындыкты айтам...”,- деп азыркы бийликтин короосуна таш ыргытып, президент С.Жээнбековдун өзүнө сес көрсөткөндөй болгон.

Бир чети “патрону” А.Атамбаев да: “А. Ибраимовго карата тергөө амалдары калыс болоруна ишенбеймин...”,- деп, коррупцияга белчесинен баткан жан-жөкөрүн актап-жактаган. Айрым Албекке жан тарткан маалымат каражаттары болсо “Арашанда 50-60 куралчан жигиттерди даярдап, УКМК менен атышууга даяр...”,- деп жыландын башын кылтыйтышкан.

Ага карабай атайын кызматтын жоокерлери жаткан жеринен колуна кишен салып кармап келишип, сот эки айга камакка алды. Алгачкы эле тергөө амалдарынын жүрүшүндө аялы экөөсүнүн атына 186 объект катталгандыгы белгилүү болду.

Демек, байлыгы АКШга качкан А.Шадиевдикинен кем эмес окшойт. Алардын ичинде Бишкектин четиндеги 30 гектардан ашык аянтты Кытай дубалындай кылып тосуп алып, ичинде өзүнчө эле Уйгурстан мамлекетин куруп аткан экен.

Эми “эрдик кылсаң сүрөө кыл”,- демекчи, С. Жээнбеков Армян премьер-министри Пашиняндай чечкиндүү болуп, эски бийликтин миллиардерге айланган коррупционерлеринин арам акчасын эле кустурса, сырткы карыздан кутулуп, элибиздин да турмушу оңолчудай болуп турат.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости