www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, аны арабыздан шум ажал алып кетти. Анын элдешкис, тайманбаган курч теле-репортаждарын көрүп, тайманбаган эр-жүрөктүгүнө Эл суктанып, сыймыктанчу эле. Уландын Кыргыз Элине бергенинен, бере элеги, жашоодо көргөнүнөн, көрө элеги алдыда эле.
Мамлекетибиздин жаркын келечегине, өнүгүшүнө кошкон салымы “ат көтөргүс жүк болчу”. Ал өзүнүн чындык Революциясын баштаган. Аттиң бири кем дүйнө, Кыргыз Эли камчыга сап бир жигитинен,акыйкаттын символунан ажырап калды.
Уландай тайманбас эр-жүрөк журналисттер чанда болсо да, Уландан үлгү алып, жолун улайт деп, ишенебиз.
Улан Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына, жакын санаалаштарына жана “Азаттыктын”жамаатына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу болсун!
Журналист Улан Эгизбаевге
Коррупция алкымдап турган кезде
Ыйман безип адамдан куруган кезде,
Кыргыз эли жоготуп дөөлөттөрүн
Чындык жолун ач көздүк бууган кезде.
Эфиринде “теленин” жылдыз болуп
Жан дүйнөңдү тынчытпай чындык толуп,
Элиң үчүн кармашка чыккан элең
Эч келишпей “бороонго”төшүң тосуп.
Коррупция бөөрүдөй уулуп турду
Бүт Эл-журтуң “теледен” угуп турду,
Кара ниет душмандар касын тигип
Табалашып арт жакта туруп турду.
Чындык үчүн канчалар жанын берген
Мекенчилдер ар дайым Эл деп келген,
Эл намысын сойкулар тепсешсе да
Чыга берет кыраандар Кыргыз Элден.
Коррупция өлкөдө гүлдөп турат
“Оозу кыйшык бай уулу сүйлөп турат”,
Кыргыз Элин чакырган күрөштөргө
Улан, Сендей жигиттер үндөп турат.
Чындык жатат тебеленип жерде кулап
Эр жигиттер Эл үчун тике турат,
Сен баштаган чындыктын татаал жолун
Билем эртең жигиттер кетет улап!
Кабыланбек Балкыбеков (Ай Тамга)
“Акыйкат”кыймылынын төрагасы: Асылбек Анарбаев (Умар)
24.07.2018жыл Талас облусу
Булак: NazarNews.kg