www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылык менен соттолгондор элди кантип алдашууда? Айрым маассалык маалымат каражаттарына чагымчыл адамдар тарабынан «Кыргызкоопсоюз» жамаатын каралаган ар кандай жалган маалыматтар тарап жатат. Өздөрүн «Кыргыз керек жарак коомдор союзунун» жетекчилери катары сыпаттаган Базарбай Темишов менен Дадажан Мамажановдор ким экени коомчулукка жакшы маалым.
Жеке кызыкчылыктарынан жогору көтөрүлө албаган бул эки эргулдун бири Дадажан Мамажанов алдамчылык (мошенничество) беренеси менен эки жолу сот жообуна тартылып жазасын алган адам. Булар «Кыргыз керек жарак коомдор союзу» деген мекеменин атынан Кыргыз Республикасынын президентинине жана бир катар мамлекеттик жетекчилерге кайрылуу жазышып өлкө башчысын, коомчулукту атайын адаштырууну көздөшүүдө.
Анткени, мындай аталыштагы уюм Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөгөн жана мындай уюм бар экендигин тастыктаган эч кандай күбөлүкө ээ эмес экендиги анык. Жамандын өзү теңелбесе дагы сөзү теңелет дегендей мындай адамдардын кур доомат, жалган жалааларына көңүл буруп отурууга чындыгында бизде убакыт жок. Ал эми далилсиз кимдир бирөөлөрдүн айдактоосу менен жалган маалымат берип жаткан адамдар мыйзам чегинде сот жообуна тартылып калышы толук мүмкүн.
«Кыргызкоопсоюздун» эмгек жамааты
Булак: NazarNews.kg