www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы жүргүзгөн ишин канааттандырарлык эмес деп, 84 добуш менен кабыл алды. Ошентип айран ичкен Индира Жолдубаева суудан кургак чыгып, челек жалаган Өткүрбек Жамшитов “аванс” менен ак бата алып кайтты. Кыргызстандагы коррупциялык эпидемиянын вирустары мына ушул прокуратура органдарында быкбырдай быжырайт эмеспи.
Прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн 122 гана арыз түшүп, бир гана кылмыш иши сотко кеткен экен. Индиранын инилери менен гана агалары кандай гана таза иштешкен?
Иши “канааттандырарлык эмес” деп табылса, далай саясий ызы-чууларды “мыйзамдуу”деп мисирейген Индира Жолдубаева таежеси Чолпон Баековага окшоп олчойгон пенсия же “выслуга лет”алып жата береби?
Булак: “Ачык Саясат”