www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АШАнын “оң колу” Сапар Исаков 30-майда “Сапар Исаковдон колуңду тарт” деген флешмобду Фейсбуктан баштаган. Бул үчүн Сапар ТЭЦтен уурдаган акчанын эсебинен 50 миң долларды мурдагы кеңешчиси Гүлнур Төралиевага карматканын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Анысы болсо уламдан-улам “Фейсбукта 10 киши жазды, Инстаграмда 3 киши Исаковду колдоду” деп төш кагып жаткан. “Сапардан колунду тарт!” дегендер кызылдай фейктер, же кыргызга эзели күйбөгөн киргиздер болду. Алар деле алган акчасын актоо үчүн илең-салаң иштеди, соцсеттерди жара турган идеяларды таба албады.

Бүгүн, болсо Сапар баштаган иш-чарага туура 6 күн болду. Негедир флешмобчулар көрүнбөйт. Же коомчулуктан катуу кагуу жеп, жаактары басылда, же 50 миң доллар “оомин” болду. Бул жагы азырынча табышмак.

Канткен менен Сапарга төшүн тосуп чыга турган эч ким жок. Же ал саясий фигура болсочу. Максим менен АШАнын кылмыштуу буйруктарын “жыртаңдап” жүрүп аткарып көнгөн неме. Жарыктык жигит акчаны самандай сапырып өткөргөн флешмобун жөн эле койбоптур. Жыйынтык чыкпагандан кийин. Же Исаков коррупционерлерге пиар да жардам бере албасын билбейби?

Кызыгы, Сапар Исакводун жандуу адамдары деле дүйнө жүзүндөгү болуп көрбөгөн коррупциялык ишин көрмөксөнгө салып, таламын талашып, "күңк-мыңк" этишкендей. Ошол камчы чабарлар, жемкорлор үчүн эмес, кыргыз эли үчүн "тармыктай" чындыкты айтып койсо жакшы болот беле... Уялбагандан өзүң уял, деген чын ай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости