Алдамчылыкка шектелген акимдин орун басары кызматтан алынды
Дүйнө жүзүндө  |   |  2933

Алматы облусунун акиминин орун басары Багдат Манзоров өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Багдат Манзоров бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган. Сентябрда ал алдамчылыкка шектелип кармалганы кабарланган. Октябрда ага тагылган айыптар алынган.

57 жаштагы Манзоров акимдин орун басары кызматына дайындалганга чейин эки жыл Алматы шаарында Архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгын жетектеген. 2008-жылдан 2017-жылга чейин Алматынын Алатау районунун башчысы кызматында иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями