www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Тынчтыкбек Алтымышбаев өздүк баракчасынан соттордун кылык-жоругуна, кылган иштерине ким жооп берет деп кайрылуу жазып чыкты.

“Соттордун жүрүм-турумун ким тескейт? Алардын кылык-жоругуна мыйзам барбы?

Свердлов районунун судьясы Тургунбекова Гаухар Рафиковна деген бар экен. Гуглдан издесең жакшы жаңылык таппайсың ал тууралуу. Ошол сот айым соттук процессте 4 миң сомдук телефон уурдаган кылмышка шектүүнү зекип, аны менен ажылдап-айтышып аны шылдыңдап, "сага дагы Айфон 6 деп эле жазып мойнуңа илиш керек болчу!"(26-28инчи мүнөттөр) деп басмырлаган тасманы мага жиберишти.

Миллиондорду жегендерди ушинте алат беле?!

Баарынан жаманы ушул соттук отурумдан кийин айыпталуучу венасын кесип жибергенин, анын өмүрүн сактап калышканын айтышты....

Соттор кеңеши, Жогорку Кеңештин комитети, Жогорку соттун төрайымы буга эмне деп РЕАКЦИЯ кыласынар эми?

Президенттин сот-укуктук бөлүмүндөгүлөр мыңк этээр бекенсиңер? Же....?”,-деп Тынчтыкбек Алтымышбаев жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости