www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Трансавиа” авиакомпаниясы бир коллегасынын күйөөсүн, ал жарынын жашыруун “романдары” жазылган күндөлүгүн ЖМКга берген соң, 5 жылга кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу Фокс Ньюс жазып чыккан.

Жолдошу бир нече жылдан бери аялынын көзүнө чөп салып жүргөнүн байкагандан кийин өч алууну каалаган. Жубайынын “романдары” жазылган күндөлүгүн басылмаларга берип, китепчеде аты жазылган кээ бир учкучтар менен да жолугуп сүйлөшкөн. Аял 4 баланын энеси, 48 жашта.

Бул окуяны билген соң, айым жазууларынын тарап кетпөөсү үчүн сотко кайрылган. Китепчеге кирген тизмеде үй-бүлөлүү мырзалардын да аты-жөнү камтылган.  Авиакомпания да башка кесиптештеринин сырын сактоо максатында кызматкерин колдоп чыккан.

Натыйжада, жолдошу менен келишип, сырларды коомчулукка таркатпоого макулдашышкан. Бирок, “Трансавиа” учак компаниясы арыз берген мырзага өздөрүнүн рейси менен 5 жылдын ичинде учууга тыюу салган.

Сентябрдын башында дагы бир кытайлык стюардессага байланыштуу чыр чыгып, жумуштан айдалган. Соц.тармактарда учакта кыздын колун сураган видео тарап, кызуу талкуу жараткан. Кытай авиакомпаниясы жаш кызматкери менен анын жигитинин бул кылыгы борттогу башаламандыкты жаратты дешкен. Кыз жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шек келтирди деп күнөөлөнгөн.  

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости