www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү активист Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашкан.

Мавлян Аскарбеков буга чейин өзүн жарандык активист катары көрсөтүп, көйгөйлүү маселелерде пикирин билдирип, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү катышып келген.

Аскарбеков 2015-жылы «Ата Мекен» фракциясынан акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон. Бирок бул кызматка чыныгы укук коргоочу келе албай турганына көзү жеткенин айтып, өзүнүн талапкерлигин алып таштаган.

Бүгүн Жогорку Сот анын ишин кыскартуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Аскарбековго карата чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, ага салынган айыппулду алып салган жана Аскарбековдун чет жакка чыгышына тыюу салган чечимди жойгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости