www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикабыздын көрсөткүчүн 3,5 пайызга араң чыгарган өкмөт башчы Абылгазиевдин отчетун Жогорку Кеңештин депутаттары келаткан айдын соңунда талкуулашат. Алдын ала маалыматтарга караганда, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү өкмөттүн ишмердигин кескин сынга алышары, отчетун жаратпай салышары каңкууланууда. Социалдык көйгөйлөр баштан ашып, өндүрүш өнүкпөй, сырттан келчү инвестиция токтоп калган шартта Абылгазиевге жылуу сөз айтышмакпы? Учурда айыл чарба жааты, жер иштетүүгө болгон камылга кандай жүрүп атат? Алгылыктуу жооп ала албайсың. Май айында Кыргызстандын кооз жерлери көркүнө чыгып калары, а бул жааттан туристтерге жарнамалоо жагы жокко эсе эй. Атайын программа иштеп чыгып, чет элдиктерди тартуу саясатын эмнеге жолго сала албайбыз? Айтор, мындай орчундуу суроолорду бере берсек арбын. Өчөйгөн өкмөт кетмейинче оңолбой деле калдык го…

Булак: «Азия Ньюс»

Последние новости