www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оо, бир кезде, тактап айтканда парламенттик шайлоонун алдында Бакыт Эргешович элдин алдына чыгып берилүү менен толкунданып убаданы катыра бергенде, курган эл жакшы жашоого эми мына жете тургансып, абдан кубанган эле.
Бакыт мырза ошондо минтип айткан элеңиз: -Элим, эгер эскиче жашайм десеңер эски партияны колдогула, жаңыча жашайм десеңер жаңы жүздөр менен толукталган биздин партияны колдогула. Биз элге 500 трактор, 500 комбайын, Ысык-Көлдүн жээгине заман бап көп кабаттуу санатория салып беребиз. “Качанкыга чейин кыйналып жашамак элек” деп берилүү менен берген убадаларыңыз төрт жылдан бери аткарылбай жетим калып келет.
Бакыт мырза, эмки жылы боло турган шайлоодо сиз элдин алдына дагы кандай убадаларды алып чыгып айтып алдайсыз. Бир жаман жери эми эл сизге ишенбей калды го. Айталы дегенибиз, бир жыл ичинде убадаларыңызды аткара албасаңыз, анда партияныны тагдыры кандай болот, ушул жагын ойлондуңузбу?
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg