www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында мындай көрүнүшкө дуушар болдум. 4-кичирайондо бомж таштандылар төгүлгөн бакты аңтарып жатат. Анан эч нерсе таппай эси ооду окшойт, башын көтөрүп кыйкырып жатат: «Чочколор таштанды төккөн жерди казкандар эмес, элди ушул абалга алып келгендер. Мен өзүмдүн ушул колум менен ушул микрорайонду кургам»...
***
Акыркы өлкөдө болуп жаткан окуялар жаңы коомдук мамилелерге жана түзүлүшкө өтүп баратканыбызды айгинелейт. Бийлик менен элдин ортосунда вакуум же ачык –айкын бөлүнүү түзүлүп баратат. Эл өзүнүн демилгеси менен өз алдынча болуп жаткан коронавирус менен күрөшүү процессин жетекчиликке алды. Эгер өкмөт медиктерди жакырчылыкка дуушар кылып, эми кырдаалды кандай ооздукташты билбей турушса, жөнөкөй жарандар болсо медиктерди жана оорулууларды колдоого багыт алып азык –түлүк, медициналык препараттарды камдоо үчүн акча каражаттарын чогулта баштады. Бизнесмендер тамак –аш даярдап, ооруканаларга жеткизип жатат, жарандар волонтерлук топторго биригишип өздөрүнүн жардамдарын бере баштады, көптөгөн адамдар өздөрүнүн турак –жай, имараттарын стационардык пункт үчүн бекер сунушташууда, артисттер өкмөттүн ордуна жасалма дем алдыра турган аппараттарды сатып алып ооруканаларга берип жатышат. Ушунун бары турмуштун жаңы түзүмү, элдин өзүн –өзү багуу үчүн жаңы уюмдашуусу, мындай элдин башына эң оор кыйынчылык түшкөн учурда пайда болот. Мындай мезгил Улуу Ата –Мекендик согуш учурунда болгон. Мен өз элим менен сыймыктанам! Биримдикте гана Эл жеңилбейт! Ар бир дарыгерге, ар бир медайымга бүгүлүп таазим кылабыз!!!
Эл демилгени өз колдоруна алышкан, анткени чарчады, айланасында болуп жаткан бардык кара мүртөз жандардын абалынан чарчашты. Эл чарчады акыйкаттын, уяттын жана намыстын жоктугунан; коопсуздук кепилдүүлүгү менен саясий стабилдүүлүктүн жоктугунан; бүтпөгөн тирешүүлөрдөн, компроматтардан жана саясий топтордун ортосундагы чыр-чатактардан; «көркөм сөздөрдөн» же саясий партогеностордун сөз менен элдин башын айланткандан; саясий сценадан кетишпеген саясий өлүктөрдөн; дайыма болуп жаткан эки жүздүүлүктөн, убадалардан жана алдоолордон; түгөнбөгөн жокчулуктан, түбөлүк карыз менен насыялардан; жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан; ыгы жок салык менен төлөмдөрдөн; балдардын келечеги үчүн жан –дүйнөнүн дайыма ооруп жатканынан; коопсуздук кызматкерлери менен фискалдык органдардын ээн баштыгынан; уялбаган, кем акыл, бетпак, жегич жана тойбогон бардык деңгээлдеги атка минерлерден, тескери маалымат берген массалык каражаттардын маданиятсыздыгынан жана уятсыздыгынан; эртеңки күндүн жоктугунан, жардамсыздыктан жана кантип бул абалдан чыгып кетүүнү билбегендиктен эл чарчады.
Кантип бул абалдан чыгып кетүүнү билбегендиктен, түбү бүтпөгөн тоннелде бараткан элге жарыкчылыктын шооласы көрүнбөйт. Көпчүлүк «сыны баштады». Адам ачка болушу мүмкүн, жашай турган жери жок деле өмүр сүрө берет,бирок жашоого үмүт жок жашай албайт. Үмүт шооласынын түгөнүшү өлүмгө алып келет. Биздин элге бийликтин деле эч нерсенин кереги жок болуп калды, көрүүчүлөрдүн деле кереги жок, ал эмес нандын деле кереги жок. Элден ары туруп, тоскоолдук кылбагыла.
Жалпы чарчоонун үстүнө жексур эпидемиянын коркунучу жана бийликтин бул оору менен күрөшүүдө өзүнүнүн маанисиздигин көрсөткөн жарамсыздыгы минип алды, элдин абалы жарылуунун алдында. Жалпы элдин жардамы жок калганы кантип бул абалдан чыгып кетүүнү билбегендикке алып келди. Жалпы жан–дүйнөнүн кыйкырыгы бардык социалдык тармактарда ар бир мүнөт сайын өсүп баратат.
Качан эл чарчаганда ага эч нерсенин кереги жок, бирок ал акыркы күч аракетин топтойт да, тумшукка ура турган болсо, бул өтө оор болот. Бийлик, элге үмүт отун жандандыргыла, перспективаларды айткыла, ушундай кырдаалдарды көзөмөлдүлүккө алууга жөндөмдүү экениңерди көрсөткүлө, ошондо эл чарчоо абалынан кубаныч жана келечекке үмүт менен кароо абалына өтөт.
Үмүт ордуна –шайлоолор!
Жаңы Премьер-министр К.Боронов өкмөттүн эң башкы жумушу таза шайлоо өткөрүү керек экенин билдирди. Бул кимге керек? Мунун азыр элге кереги жок. Эл мындан чарчады. Элге бул шайлоонун өтүшү кокодон жетет. Анткени, эгер бийликке – бул өлкөнү мындан ары талап –тоноо үчүн, өздөрүнүн жыргалчылыгы жана коопсуздугун камсыз кылууга кепил боло турган болсо, элге болсо – бул кезектеги чимкириктердин цирки, шайлоо өткөн соң дагы 5 жыл салык төлөөчүлөрдүн, мындайча айтканда элдин эсебинен аларды багышыбыз керек. Намыска чакырган бардык чакырыктар, таза шайлоо өткөзөбүз деген, шайлоочулардын сатылбастыгы – бош арабанын калдырагындай үн. Жалпысынан эл талапкерлерден жана партиянын өкүлдөрүнөн акча алат, ал эми ар бир үй-бүлө партиялар боюнча бөлүнүшүп, үй –бүлөнүн ар бир мүчөсү ар кайсы партияларга иштеп, бары акча алышат. Биринчиден системаны өзгөрткүлө, ошондон соң эл өзү эле адилеттүү шайлоо өткөзүп алат. Болбосо акча албагыла деп жатасыңар, бары бир чимкириктер келишет. Өз элиңердин алгач курсагын тойгузгула, келечекке жакшы ой-максат түзүп бергиле, анан гана уят тууралуу айткыла. Сөз жок элдин бир бөлүгү болот, алар принципиалдуу түрдө өздөрүнүн катышпаган жолу менен шайлоого бойкот жасашат.
Учурдагы бийлик элге эч нерсе бере албайт, ал эмес ресурстары менен каржы каражаттарына көз каранда болбогон үмүт отун тутанта албайт. Үмүт отун тутантуу үчүн жөн гана каалоо менен мээ керек. 80-жылдардагы индиянын киносун эстегилечи, аларды көрүп чыккан соң кинотеатрдан эл кубаныч менен чыга турган, анткени ал жерде жакшылык дайыма жамандыкты жеңип чыга турган, ыйлап чыккан адамдар жан–дүйнөсүн тазартып алышчу. Биз эми ыйлагандан да чарчадык, ыйлаганга күч жок. Элде болгон
Октябрь айына дайындалган ЖКнын депутаттарын шайлоо элди эки лагерге бөлүп салды. Бир тарабы вирус менен күрөшүп жатат, экинчиси–шайлоого даярдык көрүүдө, ал эми бардык атка минерлер өздөрүнүн жоопкерчилигин, кызматтык милдеттүүлүгүн унутуп калышты, алардын ойлогондору эле кантип өтүп кете турган партиялардын тизмесине кошулуу. Дагы шайлоо эч кимден эч нерсе эмес. Анткени, кимди татыктуу десек шайлоого барышпайт. Анткени, алардын акчасы жок, башкысы алар мындай оюнду ойношпойт, келечеги жокторго кошулбайт.
Жай мезгилинде көпчүлүк кыргызстандыктар Ысык –Көлдө эс алышат. Мындайча айтканда ушундай болуп келген. Так айтканда жөнөкөй эл көп таксисттер кезекте турушуп, ар бир жүргүнчү үчүн салгылашкан автобекетке барышат. Көпчүлүк эл комфорттуу таксилерди тандашат, айдоочусу да ишенимдүү болуш керек. Эл ишенимдүү машинаны жана ишенимдүү айдоочуну тандашат, анткени коопсуздук эң башкысы. Биз жетер жерибизге жакшы жетип алышыбыз үчүн ишенимдүү таксисти тандайбыз. Анда эмне үчүн бийликти тандаганда, биз өзүбүздүн коопсуздугубузду ойлобойбуз. Ишенимдүү жана өз ишин билген сабаттуу таксистке биз 3-4 сааттык өмүрүбүздү тапшырабыз. Кокустан машина жолдон бузулуп калса, ал оңдоп кете берет. Качан биздин жолдор 5 жылдык мөөнөткө теңелгенде (ЖКнын депутатынын мөөнөтү) биз ишенимдүү жана сабаттуу адамды тандабайбыз, тескерисинче башы иштебесе да капчыгы калың «таксистти» тандап, өзүбүздүн коопсуздугубузду тобокелге салабыз. Башкысы башкада, ал эмес эң ишенимдүү таксист да сизди белгиленген жерге жеткизе албай калышы мүмкүн, эгер машинаны ремонт кылыш керек болуп калса. Ушул сыңары биз азыр ремонт кылууга мүмкүн болбой калган бузулган машинада отурабыз. Машинаны алмаштыруу керек, бийликтин жаңы системасы керек.
Кирип келген дүйнөлүк кризис менен курулуштун өзүнө окшош жаңы түрлөрү жок. Мурункуларга салыштырмалуу ылайыксыз жана заманга туура келбейт, келечекке болгон прогноздун жөнү жок. Эл жана ал эмес бийлик да бул тууралуу билет. Кирип келе жаткан глобалдуу трансформация өзүнүн өнүгүүсүндө дүйнөнүн түзүлүшүн эч ким тааныбагандай өзгөртөт.
Эч кандай соорото турган төмөнкүдөй ой –жоруулар: эгер согушта деле жашаганбыз, тынчтык күндөрдө жашап кетербиз – дегендердин пайдасы жок. Бүгүн принципиалдуу түрдө башкача кырдаал түзүлгөн. Дүйнө планетанын барын ээлеп алган батыш цивилизациясын талкалоо босогосунда турат. Адамзат «гусеница» сыяктуу, куурчакча стадиясында турат. Анын «гусеницалык» стадиясын сактай турган болсо болбойт, жок болот. Көпөлөккө айлануу мезгили келатат. Бүт Дүйнө глобалдуу өзгөрүү мезгилине кирди. Жаңыны жаратууда толготуу мезгилине келдик. Аялзаты билет ымыркайды төрөр алдында кандай кыйынчылык тартарын. Кандай оорчулукка жана кыйынчылыкка чыдайт. Системанын бардык бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө өзгөрүүлөр күтүлүп жатат, кыскартканда глобалдуу жок болуу жана жаңы мурда жок нерселердин түзүлүшү.
Байыртан келаткан суроолорго «Ким күнөөлүү?» жана «Эмне кылуу керек?» -деген, биздин бийликте жооп жок. Көпчүлүгү болжоп жатышат, бирок дал өзүндөй диагноз коюуга жана рецепт сунуш кылууга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок.
Коом менен мамлекеттин өнүгүшүнүн концептуалдуу жана теоретикалуу негизинин жоктугу белгисиз жактарга жетелеп баратат. Бирок «пландагандар» каякка баратышканын жана бизди каякка ээрчитип баратканын билишет. Бул жакшы жаңылык. Арийне, биз ал жерде да дайыма болуп келгендей акыркылардын болобуз, эгерде мээлерибизди иштетип, иштеп жана жаңы шарттарга көнбөсөк.
Эгерде азыр эч нерсени алмаштырбасак, анда кийин деле эч нерсе өзгөрбөйт. Өзгөрүүнүн мыйзамы ушундай. Эгерде биз азыр өзүбүздүн бийлик системасында эч нерсени өзгөртпөйлү, анда убакыт өткөн соң да эч нерсе өзгөрүлбөйт. Бардыгыбызды курчап алган заманбап оору деген эмне жана да бүт дүйнөлүк организмди бузуп жаткан?
Бул батыштын либералдык – демократиялык системасына, карыз менен насыяга баткан индустриалдык коомдук керектөөсүнө негизделген. Бул диагноз. Ал эми рецепти болсо – ушул системадан чыгуу жана салттуу үй-бүлөгө, этикага жана маданиятка негизделген, жаңы маалымат дүйнөсүнө өтүү.
Батыш цивилизациясы адамдарды бөлүп жана бардык маданиятты душмандаштырып, бири –бирине каршы койду. . Доорлордун артында калган «Бөл жана бийлик кыл» деген принцип бузулуп бара жаткан процессте фундаменталдуу болуп калды. Дүйнөнү конфессияларга бөлүп жана динге болгон болгон көз караштары боюнча бири–бири менен кагылыштырып койду: христиандар, католиктер, православдар, мусулмандар, теңирчилер, иудейлер, индустар, кришнаиттер, буддисттер, синтоисттер, исмаилиттер, конфуцийчилер, баптисттер жана башка миңдеген ар түрдүү диний ишенимдегилер жана агымдарда, ар кимдики өзүнүкү чындык.
Дүйнөнү идеологиялык көз караштары боюнча бөлүп жана айтып жатышат, мунусу жакшы, ар ким өзүнүн көз карашын сактоого укуктуу. Бирок бул деле кагылышуу фактору. Нацисттер, улутчулдар, патриоттор, фашисттер, коммунистер, либералдар, жашылдар, көгүштөр, борборчулдар, оңчулдар, солчулдар жана башкалар. Адамдын өздөрүн жана айланасын табиятта жок нерселерди ойлоп таап бөлүп жатат: натуралдар, педерасттар, лесбиянкалар, бисексуалдар, транссексуалдар, жыныссыздар, эки жыныстуулар жана башкалар. Үй-бүлөнү да моногамия, полигамия, полиандрия, топтошкон, шведдик, баласыз, жарандык, иш сапарындагы нике, конкубинат дешип бөлүп жатышат. Ушунун барын батыш цивилизациясы алып келди. Бир гана евроремонт жөнүндө айтпай эле койолу.
Кыргыздар азыр кимбиз? Либералдык – исламчыларбы же исламчыл демократтарбы, батыш улутчулдарбы же көгүш мекенчилдерби, коммунистик либералдарбы же улутчул –исламчыларбы? Бардыгы винегрет сыяктуу аралашып кеткен. Ким бийликте турат? Либералдык парламентаризм колдогон исламдын жолун жолдоочуларбы, болбосо жалпысынан либерализмби же шариатка жамынып алышкан либерасттарбы? Кирпи менен удавты аргындаштыруунун кереги жок – тукум болбойт.
Жаңы дүйнө босогобузда, аны тосуп алышыбыз керек. Ар бир макаламда ушул тууралуу айтып жатам жана дагы кайталайм. Биздин алдыбызда жаңы сыноолор күтүп жатат, ушул сыяктуу эле эсибизди эки кылат, биз кайрадан даяр эмес болуп чыгабыз.
ЖАҢЫ ДҮЙНӨЛҮК ТАРТИП, ЖАҢЫ ВАЛЮТАЛЫК ДҮЙНӨ ЖАНА ЖАҢЫ ЭНЕРГИЯ – өз укугуна ээ болот. Мунун бары адамзатты мен жогоруда жазып кеткен диагноздон куткаруу үчүн жасалат.
Ау, окумуштуулар, академиктер, эксперттер, аналитиктер! Сиздер кайдасыздар? Эмне үчүн унчукпайсыздар? Биз ал эмес бир орундан жылбай турган бойдон эмеспиз, биз чындап келгенде, дүйнөдө эмнелер болуп жатканын түшүнбөй, өз Мекенибизди өзүбүздү көздөй тартып жана элди түпкүргө түртүп жатабыз.
Азыркы иштеп жаткан система боюнча шайлоону өткөзүү –бул өлгөн адамдын өмүрүн узарткан менен барабар. Мен бир нече ирет жазганмын жана азыр да кайрадан кайталап койойун: бир жылдан соң менин сөзүмдү эстерсиздер. Азыркы иштеп жаткан саясий система алмаштырылат.
Бийликтин парламенттик системасы мындан ары болбойт, саясий партиялар институт катары жок болушат, укук системасы жана жалпысынан бийликтин жана экономиканын либералдык демократиялык институттары өзгөрөт.
Балким биз барын азыр токтотуп жана жаңыны кура баштайбыз. Көйгөй бул тарапта, биздин окумуштуулар, мамлекеттин тизгинин чойгондор жана саясатчылар негизинен эмне болорун билишпейт. Анда издегиле жана алгыла.
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg