www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кайрадан башка күнгө калды. 27-июлга белгиленген отурум болбой калганын журналисттерге адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, соңку соттук отурумда айыптоо актысы менен тааныштыруу башталган.

«Эки адвокат ооруп келбей калды. Соттолуучуларды алып келишкен жок. Буга чейин да алып келбей жатышкан. Азыр сот айыптоо актысын окуу стадиясында», - деди ал.

Буга чейинки отурум да ушундай эле себеп менен болбой калган. Кийинкиси 29-июлга белгиленди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар болсо аны четке кагып жүрүшөт. Ишти сот жабык карап жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевд "Батукаведин иши"  боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Булак: NazarNewskg

Последние новости