www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган Франциянын президенти башкарган “Алга” кыймылы депутаттыкка алгачкы 428 талапкерди көрсөттү. Макрон алардын санын 577ке жеткирүүгө ою бар экенин билдирди, парламентте дал ушунча сандагы орун бар. Азыркы депутаттардын курамынан тизмеге 24 киши кирген – алардын бардыгы Франсуа Олландын “Социалисттик партиясынан” шайланган, алар акыркы беш жылдыкта элдин колдоосуна ээ болбой калган эле. Мыйзам чыгаруу органына шайлоо 11инчи жана 18-июнга белгиленген. Былтыркы жылга чейин Макрондун өз партиясы эмес, анын жыты да жок болгондуктан, ал талапкерлерди максималдуу түрдө интерактивдүү тандоого белсенди эле: анын кыймылы депутат болууну каалаган 19 миң резюме алып олтурат (негизинен электрондук почта аркылуу). Бирок мындай чечим үчүн “Алга” кыймылына сын-пикирлер социалисттер тарабынан гана эмес, оң центристтик “Республикачылар” тарабынан да жамгырдай жаады.

Булак: «NazarNews.kg»

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости